Прокуратура: Ветеринардык кызмат бюджетке 67 млн сом зыян келтирген

Башкы прокуратура Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын жооптуу адамдары керексиз вакциналарды сатып алганын аныктады. Анын кесепетинен мамлекет 67 миллион сом чыгымга учурады.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр вакцинаны сатып алууда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамды бузуп, тендерди бир эле компаниянын жеңип чыгуусуна шарт түзүшкөн.

Ошондой эле кызматкерлер ветеринардык дары-дармектин коопсуздугу жөнүндөгү техникалык регламентти бузуп, вакцианаларды каттоосуз жана сертификатсыз сатып алышкан.

«67 миллион 560 миң сомго жалпы 2,0 миллион доза A Iran-2005, A Sea-97, O PanAsia-2, O Ind-2001, Asia-1 Sindh-08 вакциналары сатылып алынган. Бирок вакцина сатылып алынганы тууралуу кат расмий түрдө веткызматтын каттоосунан өткөн эмес», — деп айтылат көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында шарп оорусунун «A Sea-97» жана «O Ind-2001» түрлөрү катталбаганы белгилүү болду.

«Веткызматтын кызматкерлери поливаленттүү типтеги шарпка каршы вакцинанын техникалык өзгөчөлүгүн өзгөртүп жазышкан», — деп белгилешти прокуратурадан.

Бул боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголду. Прокуратурадан учурда шектүүлөр сурак берип, тергөө иштери уланып жатканын белгилешти.

Ветеринадык кызмат вакцинаны мыйзамсыз сатып алган жалгыз мекеме эмес. Буга чейин Башкы прокуратура 2021-жылы саламаттык сактоо министрлигинде коронавируска каршы 2 млн 460 миң доза вакцина негизсиз сатып алганын билдиришкен. Мунун кесепетинен бюджетке дээрлик 1,6 миллиард сом зыян келгени айтылган.

Бул боюнча ошол кездеги министр Алымкадыр Бейшеналиев баш болуп, бир топ киши кармалган. Кийин Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши токтотулган. Анын жактоочусу иш «Бейшеналиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгонундуктан» кыскартылганын айткан.

Тема боюнча:

«Вакцина сатып алуудагы коррупция». Министрдин мурдагы орун басары Бектурганов үй камагына чыкты

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери мамлекетке 4,5 млн сом зыян тийгизгени аныкталды