«Вакцина сатып алуудагы коррупция». Министрдин мурдагы орун басары Бектурганов үй камагына чыкты

COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы «коррупция» ишине айыпталып жаткан саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктыда.

Шаардык соттон Бектургановдун баш коргоо чарасы 17-июнда өзгөртүлгөнүн белгилешти.

Бектурганов 2-июнда коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы «коррупция» иши боюнча кармалып, эки айга камакка алынган. Аны менен кошо Эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков да кармалган. Ишенапысова бир айга камалып, Сатарбеков үй камагына алынган.

Ушул эле иш боюнча кызматынан убактылуу четтетилген саламттык сактоо министи Алымкадыр Бейшеналиев да бир айга УКМКнын ТИЗОсуна кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

Башкы прокуратураны маалыматына ылайык, Бейшеналиев төрт берене боюнча жети кылмышка шектелип жатат. Биринчиси «Коррупция» беренеси менен козголгон. Башкы прокуратурадан 2021-жылы министрдин жеке тапшырмасы менен коронавируска каршы 2 млн 460 миң доза вакцина негизсиз сатып алганын билдиришкен. Мунун кесепетинен бюджетке дээрлик 1,6 млрд сом зыян келгени айтылган.

Ал эми 4-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттык сактоо министринин үч орун басарын — Жалалидин Рахматулаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиевди кызматынан бошоткон.

Тема боюнча:

Саламаттык министрлигинин эки кызматкери камакка алынды, бирөө үй камагына чыкты

«Зулушевдин өчү», «вакцина чыры», «акча ордунда». Бейшеналиев кандай кылмыштарга шектелүүдө?