Талант Мамытов: Парламентке эки жашик курал алып келингенден кийин төрагалыктан кеттим

Депутат Талант Мамытов парламенттин жыйынына эки жашик курал алып келинген окуяга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткенин билдирди. Мамытов спикерликтен 5-октябрда кеткен.

«Бул менин жеке чечимим. Себебин [парламентте болгон] окуяга байланыштуу деп буга чейин деле айткам. Жыйындар залына эки жашик автомат киргизишкен. Анда чек арадагы абал оор эле. Анда көп суроолорум жоопсуз калган. Мыйзам чыгаруучу бийликтин башчысы катары парламентарийлердин алдында жоопкерчилик менде. Суроолорума канаатандырарлык жооп ала албагандан кийин [кетейин] деген чечим кабыл алдым», — деп жооп берди журналисттерге Мамытов, ошондой эле ага басым жасалбаганын кошумчалады.

22-сентябрда, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин депутаттар бул окуяларды жабык эшик артында талкуулап, Баткенге барып эл менен жолугушууну чечишкен. Бир жумадан кийин депутат Адахан Мадумаров «андан кийин УКМКнын башчысы жыйынга эки жашик автомат менен келген» деп билдирген. Депутат Исхак Масалиев 22-сентябрдагы жыйын тууралуу сөз болуп жатканын тактап айткан.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу 22-сентябрда парламентте автомат менен. Анда ал журналисттерге автоматты уулуна сатып алган муляж экенин билдирген. Сүрөт: Kaktus Media

Мамытовдун айтымында, ага анда чек арада болгон окуялар боюнча министрлер кабинети маалымат берет, бул жашыруун мүнөздө экенин айтышкан.

«Мен жашыруун режимин сактоону тапшыргам. Бирок жашиктерге автомат салып келерин билген эмесмин. Менде андай маалымат жок болчу. Мен мунун максатын такыр түшүнбөдүм», — деп билдирди ал.

Мамытов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр болгонбу же жокпу деген суроого журналисттерге жооп берген жок. Бирок ал Баткен облусундагы кырдаалды талкуулоодо парламенттин дубалдарында айрым пикир келишпестиктер жана талаш-тартыштар болгонун айтты.

«Мен парламентке жооп берем, өзүмө ушул жоопкерчиликти алгам. Анын кызыкчылыгын жактап келгем жана жактай берем [...] Парламентте болуп жаткан кээ бир аракеттерден улам кеттим десе болот. Биринчиден парламентке болгон урматсыз мамиле жана [аны басмырлоо аракети]. Мен ошондой баа бердим», — деди депутат.

Мамытов парламенттин жыйынына алынып келген эки жашик курал жарак тууралуу президент Садыр Жапаров дагы пикирин билдиргенин кошумчалады.

Буга чейин Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуп турган шартта парламентке «эки жашик автомат алып келгени» боюнча оюн айтып, атайын кызматтын төрагасы «кичине ката кетиргенин» белгилген.

«Депутаттар “Баткен бүтө электе маалымат бергиле” деп чакырышкан экен. “Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен” деген сөздөр болуп, “Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат” деген сындар болуптур. Анан “мына силерге автомат” деп алып барса керек. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди», — деген Жапаров.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Аскерий агрессияга эки тарап бири-бирин күнөөлөөп жатат.