Астанада Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери кыргыз-тажик чек арасын талкуулашты

13-октябрь күнү кечинде Казакстандын Астана шаарында Садыр Жапаров менен орус президенти Владимир Путин жана тажик президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өттү.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун башында Путин сөз баштап, ал Кыргызстан да, Тажикстан да «Орусиянын жакын союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү» экенин белгиледи. Ал ошондой эле Орусияда бир миллион кыргызстандык жана эки миллион тажик жараны жашап, иштеп жана окуп жатканын айтты.

Ал эми Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасы боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

«Жапаров кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду. Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Жапаров Кыргызстан кыргыз-тажик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу кылып жана тез арада калыптандырууга «ынтызар экенин» белгиледи. Өлкө башчысы бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын кошумчалады.

Ал эми Тажикстандын президентинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн карап чыгышты.

«Пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык каражаттар менен гана чечүү, ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк топтордун жана эксперттердин жумушчу топторунун ишин мурда жетишилген макулдашууларга ылайык активдештирүү боюнча келишилди», — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров менен Орусия жана Тажикстандын президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу болору 12-октябрда белгилүү болгон.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, бул жолугушуу кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

Мындан сырткары, Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «Борбор Азия + Орусия» мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин 14-18-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуудан кийин алгачкы жолугушуусу болду.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кагылышууларды «Тажикстандын алдын ала пландалган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Ал эми тажик тарап дагы окуяны «агрессия» деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.