Астанада Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери чек ара маселелерин талкуулашат

13-октябрда Казакстандын Астана шаарында президент Садыр Жапаров менен Орусия жана Тажикстандын президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу болот. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаевдин айтымында, Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулашат.

Басма сөз катчысы бул жолугушуу кыргыз- тажик чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулганын белгиледи.

Кечээ, 12-октябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Астана шаарына келген.

Анда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «Борбор Азия + Орусия» мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин 14-18-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуудан кийин алгачкы жолугушуусу болот.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кагылышууларды «Тажикстандын алдын ала пландалган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Ал эми тажик тарап дагы окуяны «агрессия» деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.

Орусиянын Украинага бастырып кириши

Орусия боордош Украинага толук масштабдуу кол салгандан бери жарым жылдан ашык убакыт өттү. Орусия Херсон, Луганск облустарын, Запорожск жана Харьков облустарыны бир бөлүгүн басып алган.

Пентагондун маалыматына ылайык, август айынын башында эле Орусия өлүп жана жарадар болгондорун кошуп 70-80 миң адамын жоготкон. Ал эми Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 28-сентябрга карата маалыматы боюнча, алардын саны набыт болгондорун кошуп 58 миңден ашкан.

Орусия болсо алда канча аз санды айтууда. 21-сентябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус тараптын жоготуулары болгону 5 937 киши экенин билдирген. Бирок, «Медиазона» басылмасынын жана Би-би-синин орус кызматынын журналисттери 25-сентябрда каза болгондордун саны эң аз дегенде 6 756 киши экенин аныкташкан.