Элчилик Орусияда согушка чакырылган кыргызстандыкка укуктук колдоо сунуштады

Орусияда кыргызстандык киши «жарым жартылай мобилизациядан» улам согушка чакырылды. Укук коргоочу Каримжон Ёровдун айтымында, аймактык тескөөчү кыргызстандыкты сабап, эгер чакырууга кол койбосо түрмөгө камайм деп коркуткан.

Ал эми Орусиянын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөнүн жарандарын аскердик кызмат өтөөгө (альтернативдүү жарандык кызмат өтөөгө) чакырылбайт. Мындан тышкары, башка өлкөдөгү аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, ошондой эле бүт мүлкүнөн ажыратылат.

«Кыргызстандык жараны Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 291-беренеси (Пара берүү) менен соттолуп, шарттуу кесилген. Жаза мөөнөтү 2023-жылдын май айында аяктайт. Аймактык тескөөчү бул кишини сабап, чакырууга кол койбосо камап салам деп убадалаптыр», — деп жазды Ёров.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуяга байланыштуу «Клоопко» комментарий берди.

«Аталган жаранды укуктук колдоо алуу үчүн Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине тез арада кайрылууга чакырабыз», — дешти мекемеден.

Күн мурун элчиликтен кыргызстандыктарды чет өлкөнүн аймагында аскердик кызматка чакырууга болбой турганын эскертишкен.

«Орусия Федерациясында убактылуу жашаган кыргыз жарандары чакыруу кагаздарын жаңылыш түрдө алган учурда, элчилик Орусия менен биргеликте кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтөт», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин укук коргоочу Валентина Чупик Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарын Москвадагы «Сахарово» миграциялык борборунда аскердик кызмат өтөө тууралуу келишимге алдап кол койдуртуп жатышат деп билдирген.

«[Мигранттарга] 30 барактан турган таңгак документтерди беришип, ортосуна контракт [аскердик кызмат өтөө] тууралуу бир барак келишимди салып коюп жатышат. Мигранттарды алдап коюп жатышат, басым кылып жатышат, алар башка документтер кошо жеке маалыматтарын иштетүүгө макул болууга, ыктыярдуу медициналык камсыздоо полисине жана өз эрки менен аскердик кызмат өтөө келишимине кол коюп салып жатышат. Орус тилин билгендер деле ушундай кылып салып жатышат», — деген Чупик.

Ошондой эле ал орус бийлигинин аскердик кызмат өтөө үчүн мигранттарга жарандык жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилет деген убадасын «чоң алдамчылык» деп атаган. Анын айтымында, мигранттарды «келесоо ойлобоо» керек, себеби алардын көбү орус армиясына баруудан баш тартып жатышат.

20-сентябрда Москванын мэри Сергей Собянин «Сахарово» миграциялык борборунда «чет элдик жарандарды аскердик кызмат өтөөгө кабыл алууга көмөк көрсөтө турган Орусиянын Коргоо министрлигинин толук кандуу инфраструктурасы» ачылганын кабарлаган.

Бул Мамдума бир жыл келишимдик негизде орус армиясынын катарында кызмат өтөгөн чет элдиктерди орус жарандыгына кабыл алуунун тартиби жөнөкөйлөтүлгөнү тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин болгон. Мында, аталган мыйзам боюнча, жашап турууга уруксат документи талап кылынбайт.

21-сентябрда Орусияда Украина менен согушуп жаткан бөлүктөрдүн өздүк курамын толуктоо үчүн «жарым-жартылай мобилизация» жарыяланган. Бийлик жарым-жартылай мобилизацияга запаста турган 300 миңге жакын адам чакыртыларын билдирүүдө. Бирок Meduza басылмасынын маалыматына ылайык, Орусия 1,2 млн адамды мобилизация кылууну көздөйт. Анткен менен орус бийлиги бул планын четке кагып келет.

Тема боюнча:

Юрист жооп берет: Мигранттар, кош жарандыгы барлар мобилизация тууралуу эмнелерди билиши керек?

Укук коргоочу: Орусияда мигранттарды алдап аскердик келишимге кол койдуртуп жатышат

Укук коргоочу: Кыргызстандыктар, Орусияга келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөгө барбагыла