15-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кемпир-Абар суу сактагычынын жанында элдик курултай өтүп жатат. Ага 600гө чукул адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилиши боюнча маселени талкуулашууда.
Курултайга облус тургандарынан тышкары «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров, депутат Дастан Бекешев, генерал, «Азаттык» париясынын жетекчиси Исмаил Исаков, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов катышууда.
Жыйынга келгендер Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы экенин белгилеп, «элдин үнүн уккула» деп бийлик башындагыларга кайрылды.
Бириккен Демократиялык кыймылынүн өкүлү Мамбетжунус Абылов Кемир-Абад маселеси боюнча бийликтен референдум өткөрүүнү талап кылышарын айтты. Ал суу сактагыч боюнча маселеге «эл чекит коюшу керек» деп белгиледи.
«Чек ара маселесиндеги талаш жерди чечүү ТИМдин милдети, УКМКнын милдети эмес. Ташиев чек аранын коопсуздугун камсыз кылсын. Чек арадагы талаш жерлерди чечүүну Тышкы иштер министрлигине берсин. Кемир-Абад талашсыз маселе болсо, Ташиев талаштуу жер кылып атат. Ошол жер “99% бизге чечилди, уттук” деп жатат. Өзбекстан менен талашлтуу жерлер бар, Кемпир-Абадды аралаштырбай, ошол жерлерди чечсин. Кемир-Абад эч кандай талаштуу жер эмес», — деди ал.
Депутат Дастан Бекешев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча жашоочулардан маалымат алуу үчүн келгенин белгилеп, элдин талабына каршы чыкпай турганын айтты.
Учурда курултайдын катышуучулары жарыш сөзгө чыгып, өзүнүн пикирин билдирип жатат.
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талаштар
Кыргыз-өзбек чек ара арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1 170и же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы. Суу сактагыч Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун Өзбекстан менен чек арасында жайгашкан.
Эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы атайын тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.
10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун жактырган.
Добуш берүүгө чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев отурумда эки өлкө чек ара боюнча кандай макулдашууларга жетишкенин айтып берген. Ошондой эле, Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга калганын билдирди. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.
Ошентип, Ташиевдин айтымында, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын — 4 485 га аймагы, ошондой эле плотинасы калат.
«Мурда Кемпир-Абаддын плотинасына жалаң Өзбекстандын жарандары гана кире алчу. Эми биргелешкен башкаруу болот: Кыргызстандан төрт адам жана Өзбекстандан [төрт адам]. 70 жыл бою сууну пайдалануу боюнча чечимди Өзбекстан өз алдынча кабыл алып келген. Эми Кыргызстандын жарандары суу менен ээн эркин колдоно алат: сугатка, малды сугарганга, балык кармаганга, ошондой эле сууну насос менен сордурганга. Өзбекстан инженердик курулуштарды орното албайт», — деген ал.
УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.
Бирок, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекчиси Мамбетжунус Абыловдун айтымында, бул аймактар мурда эле Кыргызстандын жери болгон. Ошентип, ал бул жерлердин кайсыл бир бөлүктөрү райондук деңгээлде убактылуу пайдалануу үчүн Өзбекстанга берилгенин айтты.
«Эми кошуна өлкө биздин жерлер менен эле соода жүргүзүп атышат. Алардын ар биринин тарыхы, таржымалы башка. Кемпир-Абадга кошпой караш керек болчу. Анын үстүнө Кемпир-Абад азыркы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү болчу. Эми Өзбекстан суунун башы болуп калат. Суунун баасы күндөн-күнгө көтөрүлүп атат. Кишинин саны көбөйгөн сайын баасы өсүп жатат», — деп эсептейт ал.
Комитеттин 10-октябрдагы отуруму Өзгөндө да, Бишкекте да нааразычылык митингдери менен коштолду. Өзгөн районундагы нааразы эл эгер суу сактагыч Өзбекстанга өтө турган болсо «катаал чараларга барууга даярбыз» деп айтышты.