Эмил Молдодосов оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Эмил Молдодосов оор атлетика боюнча Азия чемпионатында экинчи орунга ээ болду. Чемпионат Бахрейндин Манама шаарында өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, Молдодосов 89 килограмм салмакта күч сынашты. Ал жулкуп көтөрүү боюнча 166 килограмм, ал эми түртүп көтөрүүдө 195 килограмм оордукту көтөрүп, жалпы 361 упайга ээ болду.

Ошондой эле оор атлетчи Ишенбек Муратбек уулу 61 килограмм салмакта, ал эми Бекдөөлөт Рыскулбеков 102 килограмм салмакта Азия чемпионатына катышып жатат.

Азия чемпионаты 5-октябрдан 15-октябрга чейин өттү. Ага 25 өлкөдөн 187 спортчу катышты.