Байсалов: Чек ара маселесинде эч ким ооз ачпасын. Ал көйгөйдү блогер жана «кемчонтойлор» чечпейт

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чек ара маселеси тууралуу пикирин айтып, блогерлер менен саясатчыларды сындады. Байсалов «чек ара маселесинде [негизи эле] эч ким ооз ачпашы керек», себеби бул көйгөйлөрдү «“атып кулатылган учкучтар” пенсиядагы саясатчылар жана кемчонтойлор эмес, бийлик чечиши керек» деп билдирди.

16-октябрда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Инстаграмда пост чыгарып, «активисттерге, блоггерлерге жана ЖМКга каршы азыркы күрөш Тажикстандын пайдасына жүрүп аткан максаттуу иштей өңдөнөт» деп билдирген.

Бул тууралуу Султанбеков көзкарандысыз үч басылма, «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media’га карата басымдын шартында билдирди. Саясатчынын пикиринде, акыркы жолу Тажикстан менен болгон жаңжалды чагылдырууда жана аталган маалыматтарды дүйнө коомчулугуна жеткирүүдө тек гана активисттер, блогерлер жана ЖМК олуттуу ролду ойногон. Султанбековдун посту минбкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жага бербей, ал саясатчынын постунун комментарийинде жооп жазууну чечкен. «Сеники туура эмес, шыкактап жатасың. Болбосо, буга башка жагынан деле караса болот. Өлкөгө жана мамлекетке тышкы чакырыктардын алдында катарын биримдикке чогултуу керек болуп турганда ар кандай шыкакчылар, “бешинчи колонналар”, дүрбөлөңчүлөр жана жеңилип берүүчүлөр чыга калат, аларга айтылчу сөз кыска эле болушу керек», — деп жооп берген Байсалов саясатчынын постуна.

Андан соң минкабдын төрагасынын орун басары, «бешинчи коллонна» деп ЖМКны эмес, «өзүн улуттун абийири же куткаруучусу деп сезип алган блогерлерди» эсептерин түшүндүргөн.

«Популизмди аз айтчы. Шайлоого чейин дагы көп бар. Азыр катарды бириктирүү керек. Чек ара маселесинде эч ким ооз ачпасын. Демократиянын мыйзамдары ушундай. Мыйзамдуу эл шайлаган бийлик баарын чечет. Топтор эмес. Блогерлер эмес. Айрыкча “атып кулатылган учкучтар” пенсиядагы саясатчылар жана кемчонтойлор чечпейт», — деп белгиледи Байсалов.

Чек араларды тактоо

Кыргызстан эки өлкө, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын тактап бүтө элек. Учурда Кыргызстан бул эки өлкө менен тең чек араны делимитация жана демаркациялоо иштерин жүргүзүп жатат.

Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.

Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат. Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан. Курултайга бир катар саясатчылар, анын ичинде «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров, депутат Дастан Бекешев, «Азаттык» партиясынын мүчөсү Исмаил Исаков жана «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов катышкан. Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Курултайга чейин Кемпир-Абаддын берилишине активдүү каршы чыгып жаткан блогер Каныкей Аранова кармалганы белгилүү болгон. Милициядан ал Куршаб айылынын жашоочуларын жана бийлик өкүлдөрүнүн «жеке аброюна шек келтирип мазактаганы» үчүн кармалганын айтышкан. Жыйынтыгында ал 30 сааттык коомдук жумушка тартылган.

Кемпир-Абад боюнча талаштар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин эле дароо башталган. Ал жерде чек аранын 30%ы тактала эмес.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.Эки тарап куралдуу кагылышууга бири-бирин айыптап жатат.

Ошол эле кезде, аталган куралдуу кагылыш учурунда Кыргызстандын УКМКсы журналисттерди Тажикстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматтарды «чындыкка дал келбестиктен» жайылтпоого чакырган. УКМКнын оюнча, андай маалымат «мамлекетти алсыраткысы келген күчтөргө жардам берүү болуп калат». Жалпысынан куралдуу кагылышууда «азыр сын айтуучу учур эмес», ошондой эле дүйнөлүк коомчулукка Тажикстандын аракетин жеткирүү үчүн биригүү зарыл деген чакырыктар тынымсыз айтылып турган.

*Бешинчи колонна — Саясатта жана журналистика бул сөз айкашы ички каршылаштардын ар кандай түрлөрүнө карата колдонулат. Мисалы, негизги мамлекеттик саясатка каршы чыгып жаткан саясий топтор. Терс түюндурмасы бар, себеп дегенде аталган топтор же саясатчылар кандайдыр бир тышкы күчтөрдүн жеңишин камсыздоо үчүн ичинен бүлүндүрүү иштерин жүргүзүшөт деп кабылданат. Көбүнесе пропагандада колдонулат.