Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медалды багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 102 килогграмга чейинки салмак категориясында күч сынашкан.

Оор атлетика боюнча Азия чемпионаты 5-октябрдан 15-октябрга чейин Бахрейндин Манама шаарында өттү.

Буга чейин аталган чемпионатта кыргыз спортчусу Эмил Молдодосов да күмүш байге уткан.