Кыргыз балбаны Баяман Абидинов Астанада өткөн белбоо күрөшүндө дүйнө чемпиону болду

Кыргыз спортчусу Баяман Абидинов Астанада өткөн белбоо күрөшүндө дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, спортчу 57 килограммга чейинки салмакта юниорлор арасында күч сынашкан. Финалга чейин Абидинов орусиялык, тажикстандык жана казакстандык балбандарды уткан. Финалда казак спортчусун жеңген.

Чемпионду, Ош мэриясы белгилегендей, түштүк калаанын аэропортунан салтанатту түрдө тосуп алуу уюштурулган.

Белбоо күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги Астана шаарында, 11-15-октябрда өттү. Мелдешке 16 өлкөнүн спортчулары катышкан.