Стивен Сигал, Ингрид, Валдис Пельш. Экс-депутат Азамат Арапбаев уулунун үйлөнүү тоюн өткөрдү

Экс-депутат Азамат Арапбаев 18-июнда «Клёновый лист» гольф-клубунда уулу Данияр Арапбаевдин үйлөнүү тоюн өткөрдү. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып Kaktus.media басылмасы билдирди.

Видео Kaktus.media

Тойду өткөрүү үчүн атайын чоң чатыр жасалганы айтылат. Ал эми тойдун өзүн орусиялык шоумен жана артист Валдис Пельш алып барганы маалым болду.

Сүрөт: Kaktus.media

Үлпөт тойдо америкалык актёр Стивен Сигал жана ырчы Ингрид да конок болгону айтылат. Буга чейин КТРКнын экс-жетекчиси Илим Карыпбеков Стивен Сигал Кыргызстанга келгенин жазган болчу.

Басылманын өздүк булагынын айтымында, тойго өлкөнүн жогорку кызматтарды ээлеген аткаминерлери менен бизнесмендер да чакырылган. Бирок кимдер экенин так айтылган эмес.

Сүрөт: АКИпресс

Азамат Арапбаев — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын эң бай депутаттарынын бири. 2019-жылы ал 33 млн 922 миң сом киреше тапкан. Ал эми 2020-жылы экс-депутаттын жеке кирешеси, декларацияга ылайык, 54 млн 405 миң сомду түзгөн.

Арапбаевжин кирешесинин жалпы суммасы эки жылда 88,3 млн сомдү түзгөн. Бул убакыт аралыгында депутаттын туугандары 198 млн сом киреше көрүшкөн.

Буга чейин «Азаттык» Арапбаевдин «Гром» деп аталган күзөт агенттиги жана ошондой эле аталыштагы спорт клубу бар экенин жазган. Бирок экс-депутат бул маалыматты четке каккан.