Укук коргоочу Чупик мигранттарды орус армиясы менен келишим түзбөөгө чакырды

Укук коргоочу Валентина Чупик Орусиядагы мигранттарды аскердик келишимге кол койбоого чакырып, башка өлкөнүн аймагында аскердик аракеттерге катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.

Ал кредитин жабуу же орус жарандагын алуу үчүн келишимге өз калоосу менен кол коюп берип жаткан мигранттар тууралуу айтты. Чупик мигранттар орус армиясынын катарында «биринчи катарда барып окко учат» деп белгиледи.

«Силердин сөөгүңөрдү Украинада миналарды зыянсыздандырышат. Бул бери эле жагы. Силер өтө коркунучтуу өлүмгө дуушар болосуңар, ал өтө тез болот. Албетте, бул жерде адамдын сөөгү үчүн акча же жарандык тууралуу дагы сөз болбойт. Бирок силер тез эле өлүшүңөр мүмкүн. Силер башка өлкөдө, башка бирөөнүн согушунда адам өлтүргүч болосуңар. Бул абдан коркунучтуу нерсе», — деди ал.

Чупик келишимге кол коюп бергендер жөн гана аскерге барбай эле өз өлкөлөрүнө кетип калса болорун белгиледи.

Укук коргоочу келишимге мажбурланып кол коюуга аргасыз болгон кыргызстандыктын окуясы менен дагы бөлүштү.

Анын айтымында, милиционерлер документ текшерүү шылтоосу менен көчөдөн курьер болуп иштеген кыргыз жаранын токтотуп, баланы күч менен автобуска салып, сабап, аскердик келишимге кол коюуга мажбурлашкан.

«Ал [согушта] эмне болорун билип баш тарткан экен. Жыныс мүчөсүнө бир нече жолу электрошокер такашыптыр. Ошондон кийин эмне гана болбосун баарына кол коюп берүүгө макул болуптур», — деди укук коргоочу жигит менен чогу иштегендер билетке акча чогултуп, мекенине салып жиберишкенин кошумчалап.

Мурдараак «Кыргыз биримдиги» коомунун өкүлү Аниса Жээнбекова дагы кыргыз жигиттерин келишимдик негизде аскердик кызмат өтөө үчүн Орусияга барбоого чакырган.

Ал насыясын төлөө үчүн келишимдик негиздеги аскердик кызматка макул болгон кыргызстандык жигит тууралуу белгилүү болгонун айтып берген.

«Кантип ошол кандуу акча менен бала-чакасын багат? Кантип ошол акча менен тиричилик кылат? Эгер тирүү калган болсо, кантип колун канга малып келип үй-бүлөсүнүн жана туугандарынын бетин карайт?» — деп суроо салган юрист.

Дагы окуңуз:

Орусия: Элчилик кыргызстандыктар согуштук аракеттерге катышса жазага тартылаарын эскертти

Укук коргоочу: Кыргызстандыктар, Орусияга келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөгө барбагыла