Бир кадр менен: Бишкекте күрөш боюнча айымдар курамасы үчүн жаңы спорт зал ачылды

19-октябрда Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын спортчулары үчүн жаңы машыгуу залы ачылды.

Имарат «Жаштык» массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясынын базасында курулду.

Маалыматка ылайык, машыгуу залында күрөш боюнча айымдар курамасы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Анда медициналык-реабилитациялык бөлмө, күрөш залы, жыйындар залы, машыктыруучу бөлмө, эс алуу бөлмөсү, мейманкана жана сауна, кир жуучу жай бар.

Спорт залдын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Өлкө башчысы кыргыз спортчулары күрөш боюнча эл аралык абройлуу мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, өлкөнүн туусун бийик көтөрүп келе жатканын айтты.

«Биздин спортчу кыздар өлкөнү бүт дүйнөгө даңазалап жатышат. Ошондуктан, мен демилге көтөрүп, бүгүн ачып жаткан бул спорт залдын курулушун жеке көзөмөлгө алдым. Сиздер өсүп келе жаткан муунга үлгү болосуздар, аларды спортко кызыктырасыздар деп ишенем», — деди ал.

Ошондой эле Жапаров балбан кыздар алдыдагы Олимпиада оюндарында алтын утат деген ишенимин билдирди.

Имараттын курулушу 29-апрелде башталып, беш ай ичинде бүткөрүлдү. Курулуш иштери башталганда долбоордун сметалык баасы 98677,22 миң сомду, тендердик баасы 81573,98 миң сомду түзгөнү айтылган.

Тема боюнча:

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда үчүн спорт залдын курулушуна капсула салынды