Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда үчүн спорт залдын курулушуна капсула салынды

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы үчүн спорт зал курула башталды. 29-апрелде президент Садыр Жапаров пайдубалына капсула салды.

Өлкө башчынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, спорт зал куруу үчүн Абдылас Малдыбаев көчөсүндөгү «Ататүрк» сейил багынын жанындагы «Жаштык» дирекциясынын аймагынан жер тилкеси бөлүнгөн.

Долбоордун сметалык баасы 98677,22 миң сомду, тендердик баасы 81573,98 миң сомду түздү. Учурда спорт залдын имаратын куруу үчүн пайдубал чуңкуру казылды.

Долбоордо күрөш залдары, 16 орундуу ашкана жана башка имараттар курулары айтылат. Спорт зал пайдаланууга берилген соң Дене тарбия жана спорт департаментинин балансына өткөрүлөт.

Жаңы салынчу спорт зал. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Өлкө башчысы капсула салган соң сөз сүйлөп, 20 жыл ичинде балбан кыздар көптөгөн эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келишкенин айтты.

«Өлкөнүн эгемендүүлүк мезгилиндеги эң эле эсте калган жылдар - бул 2021-жыл болду. Анткени балбан кыздарыбыз Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарында, Норвегиянын Осло шаарында болуп өткөн Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнө ары сыймыктуу, ары унутулгус жаңылык киргизишти», — деди Жапаров.

Президент учурда күрөш чөйрөсүндө көйгөйлөр да бар экенин моюндап, бардык спорт тармагында эл аралык стандарттарга ылайык шарт жок экенин белгиледи. Жапаров машыгуу залдарынын жоктугу чоң көй деп эсептейт.

Аны менен катар, өлкө башчы «Жаштык» спорт комплексинин иши менен да таанышып, капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бюджеттен 20 миллион сом бөлүү маселесин кароону тапшырды.

Акыркы жылдары Кыргызстанда аялар арасындагы күрөш өнүгүп келе жатат. Кыргызстандын балбан кыздар дүйнөлүк рейтингде дагы алдыңкы орунда. Мисалы, Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Кыргызстандын күрөш боюнча аялдар курамасынын 2021-жылы Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатындагы таймашын эң мыкты командалык таймаш деп тапкан.

Тема боюнча:

Күрөш боюнча аялдар курамасынын Ослодогу таймашы дүйнөдө мыкты деп табылды

Айсулуу Тыныбекова аялдар күрөшү боюнча Азиянын мыкты спортчусу деп табылды

Күрөш боюнча кыргыз курамасы Азия чемпионатында төртүнчү орун ээледи