Чыңгыз Айдарбеков парламенттин тармактык комитетинин башчысы кызматынан алынды

20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Альянс» фракциясынын депутаты Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалык кызматынан алды.

Жалпысынан добуш берүүдө 65 эл өкүлү катталып, Айдарбековду кызматтан алуу үчүн 43 депутат макулдугун берсе, 16 депутат каршы добуш берди.

Депутаттардын Айдарбековдун отставкасына байланыштуу талаш-тартышы

Депутаттар жыйында Айдарбековду отставкага кетирүү маселесин көпкө талкуулашты. Узакка созулган талкуулардан кийин эл өкүлдөрү ачык добуш берүү өткөрүүнү чечишти.

Талкуу учурда оппозициялык депутат Адахан Мадумаров депутаттардан Айдарбеков эмне үчүн кызматтан кетиши керектигин жүйөлүү себебин атоону суранды.

«Бул кишинин жумушуна нааразычылыктар болсо айткыла, баскан турганы, кийген кийимине, сүйлөгөн сөзүнө нааразычылыктар болсо айткыла. Конституцияны бузуп жатса дагы айткыла. Эмне себептен кызматтан чакыртып алышыбыз керек? Себеби эмне? [..] Анан “сен мага жакпай калдың кызматтан кетишиң керек” деген эртең өзүңөрдүн башыңарга түшөт. Жүйөлүү бир себептери барбы?» — деп кайрылды депутаттарга.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев маселе Айдарбековдун аракетинде да, Кемпир-Абадда да эмес экенин айтты.

«Азыркы көтөрүлгөн маселе чек ара жөнүндө маселе эмес, азыркы көтөрүлүп жаткан маселе Кемпир-Абад жөнүндө эмес. Маселе жыйынды ачып, өткөрүп, анан акырына келип жоопкерчиликтен качып, жыйындын чечимине кол койбогондугу үчүн, ушуну түшүнүп алгылачы, жолдош депутаттар, туугандар. Чек аранын бул жерге тиешеси жок. Ар бир комитеттин төрагасы жыйындардын чечимине кол койбосо, бул жоопкерчиликтен качкандык. Мен жеке Чыңгыз Айдарбекович менен сүйлөшкөндө өзүнө дагы айтканмын, мунуңуз туура эмес деп», — деди Сатыбалдиев.

Мадумаров регламентте комитеттин төрагасын кайсыл жана кандай учурларда кызматтан алса болору жазылганын билдирди.

«”Добушка коё коёлу” деген нерсенин өзү туура эмес. Ал токтом менен чакырылып алынат. Токтомдун долбоору даярдалат. [...] Кол койбой койгонго укугу бар. Себеп, комитеттин жыйыны болсо, ал мыйзамдуу өтүшү керек. А мыйзам болгондо үч күн башта материалдар таратылып берилиши керек. комитеттин мүчөлөрү ошону менен таанышышы керек, окушу керек, көрүш керек», — деди Мадумаров.

Өз кезегинде депутат Жанар Акаев эгер Айдарбеков кызматтан алынса, «Альянс» фракциясы мындан ары аталган комитетке талапкерлерди көрсөтпөсүн билдирди.Парламентарий Балбак Түлөбаев жыйында регламент боюнча төрага кагаздарга кол коюга милдеттүү экенин айтты.«Бул Кемпир-Абад эмес, бул комитеттин ичинде бузуулар болгону үчүн сиздин [отставкага] добуш берип жатабыз. Комитеттин чечимин кабыл алгандан кийин аягында сиз кол койгонго мажбурсуз. Сиз туура да, каршы да добуш беришиңиз мүмкүн, макул дешиңиз да мүмкүн, бирок комитеттин чечимин башка депутаттарды сыйлаңыз да сиз. Өз арызыңыз менен кетсеңиз болмок ушунча депутаттын баарын чатак кылбай», — деп ачууланды Түлөбаев.Депутат Кундузбек Сулайманов «[документтерге] каалаган убакта кол коюп, каалабаган убакта кол койбой коюу — саботаж эмес, бул кылмыш» деп билдирди.

«Бул комитет. Ал жерде мүчөлөрдүн добушун сыйлаш керек. Каршы [добуш берип] өзүңдүн позицияңды көргөздүң сен. [...] Кол койгонго милдеттүү. Бул анын функционалдык милдети. Дипломат экенин билебиз, сыйлайбыз, бирок юрист дагы болуш керек да», — деди Сулайманов.

Буга чейин Айдарбеков тармактык комитеттин башчысы кызматынан кетүүгө даяр экенин билдирген.

«Кесиптештерим өздөрү чечсин. Мен кызматтан кетүүгө даярмын. Акыйкаттык үчүн бул этаптан да өтүүгө туура келет. Дагы бир жолу айтам, документтер толугу менен берилген эмес. Мен аларды мурдагы күнү эле көрдүм жана бул документтер боюнча суроолор бар. Бул бизге документтер берилбегенине себеп болгон деп ойлойм. Өзгөчө суу сактагыч боюнча… Бардык тарыхый документтер боюнча ал биздин жер болгон», — деди Айдарбеков.

Ал арада Өкмөт үйүнүн алдында Кемпир-Абад боюнча активисттер менен бийликтин жолугушуусу өтүп жатат. Аны президенттин администрациясы уюштуруп өткөрүүдө.

Жолугушуу жабык өтүүдө, катышуучулар тизме менен киргизилип жатат. Журналисттерге аудио жана видео жаздырууга болбойт деп эскертүү берилген.

Комитеттин чечими

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык жыйында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактырган. Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизги пункттарынын бири болуп Кемпир-Абыд суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү эсептелет. Комитеттин башчысы келишимди жактыруу жөнүндө чечимге кол коюудан баш тарткан.

«Эл өкүлдөрүнүн пикирлери экиге бөлүндү — алты макул, төртөө каршы добуш беришти. Мен бул маселе боюнча өзүмдүн пикиримди билдирдим. Мен кагазды өз көзүм менен көрмөйүн макул боло албай турганымды айттым. Ошондуктан каршы добуш бердим», — деген Айдарбеков.

Айдарбековдун парламенттик комитеттеги орун басарлары, депутаттар Чолпон Султанбекова жана Лейла Лурова дагы комитеттин чечимине кол коюудан баш тартышкан.

Айдарбековдун комитеттин чечимине кол коюудан баш тартканына минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов комментарий берип, депутатты сынга алган.

«Чыңгыз Айдарбеков каалашынча “каршы” добуш бере алат, бирок ал комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү, ал үчүн көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген. Анын акылсыз популизми менен жоопкерчиликсиз позициясы жок эле дегенде компетенциясы жоктугун айтып турат. Бирок, жашыруун жүйөөлөрү дагы бар болушу мүмкүн…», — деп жазган минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер барагында.

Кемпир-Абад боюнча талаштар

Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.

Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Анткен менен Ташиев суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат.

Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан.

Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Тема боюнча:

Түшүмдүү жердин ордуна какыраган таш. Кыргызстан Кемпир-Абаддан кол жууса эмне болот?