«Тарыхта Кемпир-Абадды саткан болуп каласың» — Бекназаров Садыр Жапаровго кайрылды

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды.

«Тарыхта досуң [УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев] экөөң Кемпир-Абадды саткан болуп каласыңар. Силерде эмне кызыкчылык бар? Кемпир-Абад — стратегиялык жер. Суу деген келечекте байлык, мунайдан да кымбат байлык. Бензин, алтындан да кымбат. Эмне анчалык шашылып [Өзбекстанга] өткөрүп жатасыңар? Муну эл дагы түшүнбөй жатат. Агаңар катары мен дагы түшүнбөй жатам. Мына өзүбүз урушуп жүргөн Атамбаев [мурдагы президент] бербей койгон жерди шашылыш түрдө эмнеге өткөрүп жатасыңар — силерге эмне күч келди?» — деп суроо салды Бекназаров.

Кемпир-Абад боюнча талаштар

Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.

Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат. Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан.

Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Бүгүн, 20-октябрда Өкмөт үйүнүндө Кемпир-Абад боюнча активисттер менен бийликтин жолугушуусу өтүп жатат. Аны президенттин администрациясы уюштурду.

Жолугушуу жабык өтүүдө, катышуучулар тизме менен киргизилип жатат. Журналисттерге аудио жана видео жаздырууга болбойт деп эскертүү берилди.

Тема боюнча: Түшүмдүү жердин ордуна какыраган таш. Кыргызстан Кемпир-Абаддан кол жууса эмне болот?