«Жыйынга барышымды каалаган эмес». Бекназаров УКМКдагы сурактын чоо-жайын айтты

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад боюнча активисттер менен жолугушуу болот деген күнү атайын кызматка суракка чакырылганын УКМКнын жыйынга катыштырбоо үчүн атайын жасаган иши деп билдирди.

Бекназаровдун айтымында, аны «Ташиев бетме-бет сүйлөшкүсү келип жатат» деп суракка чакырышкан.

«Мен ал жакка барып, бир күн кечке ошол жерде болдум, бирок Ташиев келген жок. Мени болсо “мына азыр келет, азыр келет” деп ал жактан коё беришкен жок», — деди ал.

Саясатчы бир нече саат УКМК төрагасын күтүп, өкмөт үйүндөгү жолугушууга үлгүрбөй калганын белгиледи. Анын айтымында, атайын кызматтын өкүлдөрү Ташиев эмне үчүн аны менен сүйлөшкүсү келгенин түшүндүрүшкөн эмес.

«Кийин түшүндүм, сыягы, алар коркуп, менин жолугушууга барганымды каалашкан эмес окшойт. Ошол себептен ушундай кылышты», — деп эсептейт саясатчы.

Ал эми жолугушууга катышкан активист Рита Карасартова УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абадга барган Бекназаров баштаган активист, саясатчыларды «аябай сынга алганын» айтты.

«Эл менен сүйлөшүп келгендерди аябай сынга алып, [Ташиев] “Бул кишини улут аралык кастыкты козутканы үчүн балдарыма тапшырма бердим” деди да. Жакын арада Бекназаровду же камайт же бир нерсе кылат», — деди укук коргоочу.

Бекназаров 20-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча видео кайрылуусу үчүн суракка чакырылган.

Бекназаровдун кайрылуусу

Буга чейин Азимбек Бекназаров Ташиев Өзбекстандан алдык деген жерлерге барып көрүп келгенин айтып, президент Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдогон.

«Тарыхта досуң [УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев] экөөң Кемпир-Абадды саткан болуп каласыңар. Силерде эмне кызыкчылык бар? Кемпир-Абад — стратегиялык жер. Суу деген келечекте байлык, мунайдан да кымбат байлык. Бензин, алтындан да кымбат. Эмне анчалык шашылып [Өзбекстанга] өткөрүп жатасыңар? Муну эл дагы түшүнбөй жатат. Агаңар катары мен дагы түшүнбөй жатам. Мына өзүбүз урушуп жүргөн Атамбаев [мурдагы президент] бербей койгон жерди шашылыш түрдө эмнеге өткөрүп жатасыңар — силерге эмне күч келди?» — деп суроо салган Бекназаров.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талаштар

Кыргыз-өзбек чек ара арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1 170и же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы. Суу сактагыч Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун Өзбекстан менен чек арасында жайгашкан.

Эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы атайын тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга калганын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

Ошентип, Ташиевдин айтымында, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын — 4 485 га аймагы, ошондой эле плотинасы калат. УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Комитеттин 10-октябрдагы отуруму Өзгөндө да, Бишкекте да нааразычылык митингдери менен коштолгон. Өзгөн районундагы нааразы эл эгер суу сактагыч Өзбекстанга өтө турган болсо «катаал чараларга барууга даярбыз» деп айткан.

Тема боюнча:

Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад маселеси боюнча суракка чакырылды