Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад маселеси боюнча суракка чакырылды

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад маселеси боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу 20-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таянып «Азаттык» жазды.

Басылманын маалыматына караганда, атайын кызматтын башчысы Бекназаров суракка кыргыз-өзбек чек арасы боюнча видео кайрылуусу үчүн чакырылганын чек ара маселеси тууралуу активисттер менен жолугушууда айтты.

Ташиевдин айтымында, Бекнаазаров айткан маалыматтар «чындыкка дал келбейт». Ошондой эле жакынкы күндөрү Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында жашаган элге да чек ара боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Азаттык» Ташиев суу сактагычтын 900-горизонталына өзү барып, казык кагып, анын чегин жергиликтүү тургундарга көрсөтүп берүүнү убадалаганын кошумчалады.

Бекназаровдун кайрылуусу

Буга чейин Азимбек Бекназаров Ташиев Өзбекстандан алдык деген жерлерге барып, көрүп келгенин айтып, президент Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдогон.

«Тарыхта досуң [УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев] экөөң Кемпир-Абадды саткан болуп каласыңар. Силерде эмне кызыкчылык бар? Кемпир-Абад — стратегиялык жер. Суу деген келечекте байлык, мунайдан да кымбат байлык. Бензин, алтындан да кымбат. Эмне анчалык шашылып [Өзбекстанга] өткөрүп жатасыңар? Муну эл дагы түшүнбөй жатат. Агаңар катары мен дагы түшүнбөй жатам. Мына өзүбүз урушуп жүргөн Атамбаев [мурдагы президент] бербей койгон жерди шашылыш түрдө эмнеге өткөрүп жатасыңар — силерге эмне күч келди?» — деп суроо салган Бекназаров.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талаштар

Кыргыз-өзбек чек ара арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1 170и же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы. Суу сактагыч Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун Өзбекстан менен чек арасында жайгашкан.

Эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы атайын тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга калганын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

Ошентип, Ташиевдин айтымында, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын — 4 485 га аймагы, ошондой эле плотинасы калат. УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Комитеттин 10-октябрдагы отуруму Өзгөндө да, Бишкекте да нааразычылык митингдери менен коштолгон. Өзгөн районундагы нааразы эл эгер суу сактагыч Өзбекстанга өтө турган болсо «катаал чараларга барууга даярбыз» деп айткан.