Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү маселесиндеги талаш-тартыштар ушунчалык курч деңгээлге жетти, жада калса 20-октябрда президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коомчулук менен дагы бир жолугушуу уюштурууга аргасыз болду — бул ирет жыйын Бишкекте өттү. Өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 200дөн ашык киши катышкан өкмөт үйүндөгү жолугушууда жашоочулардын суроосуна жооп берилиши керек эле. Тургундар суроолордун көпчүлүгүнө жооп ала алды, бирок аларга канааттанбагандар көп.
Жолугушуу беш сааттан ашык убакытка созулуп, эмоционалдуу маанайда өттү — катышуучулар анда-санда талкууга кошулуп, кээде адамдын жеке сапатына киришип кетип жатышты. Активисттер менен аймактан келген тургундардын бир бөлүгү бийликтин жүйөсүнө канааттанса, экинчи бөлүгү пикирин өзгөртпөй, суу сактагычтын берилишине каршы болушту.
«Клооптун» журналист Мундузбек Калыков жолугушууга катышкан, жыйындын кандай өткөнүн айтып берет.
«Б палны жок»
Талкуу жабык эшик артында өттү — журналисттердин катышуусуна уруксат берилип, бирок бардык катышуучулардын телефондору алынып, аудио жана видео жаздырууга тыюу салынды. Кагазга гана жазуу болот. Президент мындай форматты жолугушууда «жашыруун» маалымат талкууланары менен түшүндүрдү (өзү болсо планшет жана смартфон менен отурду).
Бардык катышуучулар алдын ала чакырылган — жолугушууга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы чек арага чектеш аймакта жашаган активисттер менен жашоочулар келди.
Жолугушуу Садыр Жапаровдун сөзү менен башталды — ал Өзбекстан менен түзүлгөн чек ара келишиминин негизги пункттарына кыскача токтолду. Талкуунун жүрүшүндө президент Кемпир-Абад суу сактагычындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстан башка аймактардан бере турчу 19 миң гектардан ашык жерге алмашуу — Кыргызстан үчүн колдон чыгарбай турчу мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
«Биз талаштуу аймактардын 99%ын өз пайдабызга чечтик [...] Эч нерсе бербейбиз, тескерисинче, алып жатабыз», — деди Жапаров.
Андан соң чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген УКМК башчысы Камчыбек Ташиев сөз сүйлөдү. Ал Өзбекстан менен түзүлгөн келишимдин чоо-жайы тууралуу айтып берди. Ташиев Өзбекстандын 19 миң гектардан ашык жеринин 4 127 гектарын Кыргызстан 1965-жылы эле алганын белгиледи. Анын айтымында, Өзбек ССРи бул аймактарды Кыргыз ССРинин карамагына Кемпир-Абад суу сактагычы курулган соң өткөрүп берген — анда Кыргызстандын аймагынын 5 миң гектардан ашык жерин суу каптап кеткен.
Калган жерлер, Ташиевдин айтымында, советтер маалында жана 2017-жылдагы эки өлкөнүн чек арасын макулдашуу учурунда жаңылыштык менен Өзбекстанга өтүп кеткен, келишимге кол коюлган соң ал жерлер Кыргызстанга кайтарылып берилет. УКМК төрагасынын айтымында, мындай учурда Кыргызстандын аймагы 15 миң 806 гектарга кеңейет.
Мындан тышкары, келишимге ылайык, Кыргызстанга 35 гектар аянтты ээлеген Үңкүр-Тоо (Унгар-Тоо) тоосу өтөт. Президенттин айтымында, Кыргызстанда бул аймак жаңылыш түрдө биздики деп эсептелет, негизи Өзбекстандын карталары боюнча тоо ал өлкөгө таандык. Кыргызстандагы карталарда, өлкө башчынын айтымында, Үңкүр-Тоо жок.
Отурумда Жапаров да, Ташиев да келгендерди «бийлик айрым жер тилкелерин коңшу мамлекетке берип же сатылып жиберди» деп «жалган маалымат таратпоого» чакырды.
«Эгер мени колдосоңор, биз бул келишимди бекитип беришибиз керек […] Биз жаңылбайбыз. Албетте, [Өзбекстан менен чек ара боюнча макулдашууну] дагы 10 жылга калтырсак болот, бирок мамлекет бул маселени азыр чечиши керек», — деди президент.
Атайын кызматтын башчысы бул келишим боюнча сүйлөшүүлөр бир жарым жылдан бери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады — бул келишимдин акыркы үлгүсү. Ташиевдин айтымында, Кыргызстандын Б планы жок.
Жыйында Ташиев келишимдеги Өзбекстан Кемпир-Абаддын жанына инженердик-тазалоочу жайларды курбай, суу сактагычты тикенек зым менен тоспой турганы жөнүндөгү пунктка токтолду.
Президент да, УКМК төрагасы да бул келишимди өзбек парламенти ратификациялай турганын, ошондо Ташкент келишимдеги бардык пункттарды аткарууга аргасыз болорун ырасташты. Болбосо, алар Кыргызстан Өзбекстанга «чара көрүшү» мүмкүн деп белгилешти.
Ташиев менен Жапаров Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишин актап, Кыргыз ССРинин суу сактагычтын курулушуна эч кандай катыштыгы жок жана акча короткон эмес деп белгилешти — алар, демек, суу сактагыч коңшу республикага таандык деген пикирде. Мындан тышкары, президент жана УКМК башчысы Кыргызстан сууну колдонбой турганын, ал эми дамбага — атүгүл анын Кыргызстандагы бөлүгүнө — барууга мүмкүн эместигин, анткени ал аймак Өзбекстандын физикалык көзөмөлүндө турганын бир нече жолу кайталады.
Жапаров кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечилген соң Тажикстан менен чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр башталарын айтты. Президент жыйындагыларга бул эки маселенин кандай байланышы бар экенин так түшүндүрүп, бирок сыр болгондуктан анын чоо-жайын ачыктабоону суранды.
«Оозуңду жарам»
УКМК төрагасы сөзүн саясатчы Азимбек Бекназаровду коркутуу менен баштады. Ташиевдин айтымында, ал видео кайрылуусу үчүн суракка чакырылган. Кайрылууда Бекназаров өзбекстан суу сактагычтын ордуна айырбаштап жаткан Ала-Бука жана Аксы райондорундагы жерлер буга чейин эле кыргыздыкы болгон деп билдирген. Анын айтымында, Кыргызстанга кайсыл жерлер берилери жөнүндө элдин кабары жок.
Ташиевге өзгөчө Бекназаровдун Ала-Бука районундагы айылдын жашоочусунун үйүнө кирип, «УКМКтөрагасы бул айылгакелди беле, Кыргызстанга кайсыл аймактар өтүп жатканын билесизби» деп сураган эпизоду жаккан эмес. Ташиев ал айылга барганын, аял ага карабай терс жооп бергенин айтты. (Жыйындагы бир нече Ала-Букалык тургун УКМК башчысынын сөзүн тастыкташты).
«[Бекназаров] жалган айтканы үчүн жооп берет. Эки элдин ортосундагы кастыкты козутканы үчүн», — деди Ташиев.
Кийинчерээк Ташиев мамлекеттик кызматта болбогондо, аны негизсиз сындап, ар-намысына шек келтирген айрым адамдардын «оозун жарат элем» деп билдирди.
«Мен беш-алты кишини каттап койдум. Кийин (Ташиев эмнеден кийин экенин ачыктаган жок) бир-экөөнүн оозун жарам», — деди ал жылмайып.
Жыйынга катышкан укук коргоочу Рита Карасартова ага жооп берип, атайын кызматтын төрагасынан «коркутканды токтотууңуз» деп суранды.
Карасартова жыйындан чыгып кеткенге чейин Жапаров менен Ташиев сөз сүйлөп жатып, ал жөнүндө бир нече жолу кеп козгоду. УКМКнын башчысы укук коргоочудан «моюнуңуз ооруп калган жокпу» деп сурады — ал учурда Карасартова башын ийип алып Ташиевди угуп отурган.
Карасартованын бийлик коомдук пикирди бурмалап, Кыргызстан бул келишим боюнча “өз жерлерин эле алып жатат” деген сөзүнө Ташиев укук коргоочунун «ичи кир» экенин айтса, Жапаров «ичиңизди тазалаңыз» деп кеңеш берди. Андан соң президент «Карасартова 100% патриот болсо, Ташиев 110% патриот» деп айтты.
«Карасартовага окшогондор чек ара маселесин чечпей эле койсун. Мына, жолугушуу аягына чыга электе кетип калды. Ал тууралуу [бардыгын] билебиз — кайсыл жерде чуу чыкса ошол жерде жүрөт (бул пикир бир топ эле кыскартылды, бирок түпкү маңызы сакталды). Батышкан алган акчасын акташы керек да, ага башаламандык болсо эле болду», — деди Ташиев, укук коргоочу чыгып кеткенден бир нече убакыт өткөн соң.
Кийинчерээк Жапаров да, Ташиев да эмоционалдуу суроолорго эмоционалдуу жооп беришти. Алар бир нече жолу так кесе жыйынга келгендер карталарды көрбөгөнүн жана эмне жөнүндө сүйлөп жатканын билишпегенин айтышты.
Кемпир-Абад боюнча Өзбекстан менен келишимди даярдоо башынан эле жашыруун шартта жүргүзүлгөн, андыктан жарандарды карталарды билбегени үчүн жемелөө кызыктай эле. Сыягы президент аны түшүнөт окшойт — ал чогулгандарга Мамлекеттик каттоонун директору Абдуллат Мырзаевге кайрылууну сунуштап, ал бардык карталарды көрсөтүп берет деп ишендирди.
Өзгөн районунун Жерге жайгаштыруу боюнча комитетинин башчысынын мурдагы орун басары Акыл Айтбаев азыркы — Өзбекстан Кемпир-Абаддын суусун пайдаланып, алдындагы жер Кыргызстанга тиешелүү болгон абалды сактап калууга чакырды. Ал дамбанын жарымынан көбү Кыргызстандын аймагында жайгашканын, демек, суу сактагыч Кыргызстанга тиешелүү экенин эскертти. Бул президентке жаккан жок.
«Атыңызга затыңыз төп келсе жакшы болмок», — деп Жапаров Акыл мырзага кайрылды. Өлкө башчысы Айтбаевдин сөзүндө кайсыл нерсе «акылсыз» сезилгенин ачыктаган жок.
«Бизди жыйынга ким өткөрөт, кандай деңгээлде болот, ким катышат айтпай туруп чакырды. Буга чейинки элдин оюн, каршы пикирлери менен эсептешет деген ойдо сүйүнүп баргам. [] Элдин пикири менен эсептешүү болгон жок. Албетте бул мени капа кылды. Саат 10дон баштап, 15:00дө чыгып кеттим. Ага чейин элге таңуулап гана отурушту. Эл суроо берсе аларга басым жасоо, жекеликке өтүү жана алтымышка чыккан кишилерди да “сенсирөө” менен болду», — деп жыйындан соң экс-депутат Ыргал Кадыралиева «Говори ТВга» маек курган.
«Мина калтырып жатабыз»
Жыйындын соңунда катышуучулардын пикири экиге бөлүндү. Айрымдары сүйлөшүүнү конструктивдүү деп эсептебей, жыйын бүтө электе залдан чыгып кетишти. Өзбекстан менен түзүлгөн келишимдин негизинде жер алчу райондун өкүлдөрү бийликтин планына канааттанганын айтышты.
«Талаш жерлерибиз бар болчу. Маселени чечип бергени үчүн Жапаровго рахмат, эми [биздин мал каалагандай жайылып жүрөт]. Бийликтеги эки жигитибиз көйгойдүн бардыгын чечсин, биз бейкапар жашайбыз», — деди Ала-Бука районунун тургуну Абдысамат Дуйшеев.
Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын тургуну Арзымамат Уларов бийликтин планын колдоду. Ал Кемпир-Абадды суу каптаганда Өзбек ССРи кыргыздарга өткөрүп берген аймакта жашаарын белгиледи. Анын айтымында, эгер кыргыз тарап суу сактагычты берүүдөн баш тартса, Өзбекстан өз жерлерин кайра талап кылышы мүмкүн.
«Эгер, кокус бул биздин жер дей турга болсо, анда биз ал жерден кетишибиз керек болот», — деди Уларов.
Кемпир-Абаддын берилишине көпчүлүк тургундар каршы болгон Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Азизбек Калмырзаев Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди колдой турганын айтты.
«Биз [Кемпир-Абад суу сактагысынан] сууну пайдаланбайбыз. Азыр [бул келишимдин негизинде] биз Өзбекстандай эле укукка ээ болобуз. Бизге да суу сактагычты пайдалануу мүмкунүлүгүн берип жатышат. Ага чейин андан мүмкүнчүлүгүбүз жок эле. [...] Эгер [Жапаров] ушунча элдин ишеничин актай алса, туура эсептейм» — деди ал журналисттерге курган маегинде.
Бирок, Өзгөн районундагы Кароол айылдык кеңешинин депутаты Нурбек Бекматов Өзбекстан буга чейин деле тургундар үчүн Кемпир-Абаддагы жерди чектеген эмес деп белгиледи.
«Биз ал жерге тоскоолдуксуз эле кирип, малыбызды жайчубуз. Андай [жерди чектеген] учуру болгон эмес. Азыр кандай болот билбейм. [Эгер Кемпир-абаддын тегереги аркылуу чек ара өтө турган болсо], жашоочулардын коопсуздугу үчүн ким жооп берет?» — деп суроо салды ал.
Ал эми Өзгөн райондук Жерге жайгаштыруу комитетинин жетекчисинин мурдагы орун басары Акыл Айтбаев жыйын учурунда сөзүн бөлүп, суроо берүүсүнө тоскоол кылгандар болгонун билдирди. Бирок Айтбаев бардыгын айтууга үлгүрдү: ал бийликке «Кемпир-Абад суу сактагычына такыр тийишпегиле» деп сунуш берди.
«Өзбекстан сууну пайдалана берсин, ага суроо жок — болгону жерге тийбегиле. Мага жооп иретинде андай кылуу менен [келечек муунга] мина коюп жатабыз деп айтып жатышат. Кайсыл мина? [...] [Садыр Жапаров] туура эмес чечим кабыл алып жатат. Ушундай чечим менен өздөрү мина коюп жатышат, себеби чек ара биздин айылга чейин келип такалат. [...] Өзбекстан келишимдин өзүнө пайдалуу болгон гана пункттарын аткарат деп буга чейин да айткам. СССР маалында КПСС БКга даттануу менен да милдеттерин аткарууга мажбурлай алган эмеспиз. Эми Өзбекстан келишимдин шарттарын аткарбайт. [Суу сактагычтын тегерегин] жаап салса, биз каршы чыгабыз, ошондо жаңжал башталат», — деп божомолдоду ал.
Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Кыял Акылбек уулу Кемпир-Абадды өткөрүп берүүгө каршы болгон активисттер куугунтукталып, кысымга кабылып жатканын айтты. Бишкекте өткөн жыйында Ташиев Кемпир-Абад боюнча эч ким жоопко тартылбайт деп убадалап, эгер кысым болсо байланышка чыгууну сунуштады.
«Бүгүнкү жолугушуу Өзгөндөгү жыйындын уландысы. Бул жерде Өзгөндөн келген аксакалдар бар деп жатышат, бирок мен аларды өмүрү көргөн эмесмин. Биз бир несени айтсак, алар башка нерсени сүйлөп отурду», — деди Акылбек уулу.
Ал эми активист Мирлан Ураимов жыйында билйик элдин сунуштарын уккан жок деген пикирин бидирди.
«[Бүгүн бийлик], бизди укканын айтты, бирок мурдагы багыты менен эле кетет. [Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюуну] токтото турууну сунуштадык, себеби дагы эле суроолор бар. Көпчүлүгү ушундай деди. Айрымдары сындагандарга аз, матагандарга көп убакыт бергенине нааразы болушту. Бул жерде пикирин айтайын деген эл толук кандуу айта алган жок. Бул жолугушуу өзгөндөгү жыйындын эле уландысы болуп калды», — деди ал.
Бийлик элдин үнүн уккан жок деген пикирди активист Канышай Мамыркулова да кубаттады.
«Жыйнда булар позициясын бербегенге аракет кылышты “чечилип калган, кол койгону эле турабыз” дейт. Жергиликтүү элдин пикири деле, сабаттулар берген суроолорго деле айланып-тегеренип жооп бербей кетип атты. “Дарт-баляя” десеңер дагы Кемпир-Абадды беришибиз керек деген позицияда экенин байкадым», — деди ал.
Ал эми президенттик администрация жыйынга катышкандардын баары өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, аларга толук кандуу жоопторду алышты деп билдирди.