Депутат Самыйкожо: Адамдын эркиндигин камаганды кыргыз жакшы көрбөйт

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо 23-октябрда кармалган активисттер менен саясатчыларды бошотууну өтүндү. Өзүнүн видеокайрылуусун Фейсбуктагы барагында жарыялады.

«Жаш активисттердин, айрым саясатчылардын, жарандык коомдо өз пикирин билдиргендердин үйүнүн тинтилиши жана алардын камалышы — бул ар бир адамдын оюнун, укугунун, сөз эркиндигини камалышынан кабар береби? Аларды камоо менен, аларды коркутуу менен маселе чечилеби? Эгерде алар коомго ушунчалык коркунуч, мамлекетке башаламандык же болбосо туура эмес багытты же максатты көздөп жаткан болсо алардын кылган кылыктарын ачык айтып, элге салса болбойт беле?» — деп суроо салды депутат.

Конституцияга ылайык, ар бир адам өз оюн айтууга укуктуу деп белгиледи депутат.

«Адамдын оюн, эркиндигин камаганды, өзгөчө биздин кыргыз жакшы көрбөйт. Ошондуктан бүгүнкү болгон окуя жакшы эмес. Бул элдин оюна бүлүк салат. “Барын эле четинен камай береби? сүйлөгөндү эле камайбы? Унчукпай, коркуп отурушубуз керекпи? ” — деген ойлор өзүнөн өзү жаралат. [...] Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Сиздер жети өлчөп бир кесип, мыйзамдуулукка андай жол менен эмес, сүйлөшүү жолу менен барышыңыздарды чакырам. Биз оюбузду, укугубузду, сөз эркиндигибизди каматпайлы, дегеле эркин турмушубузду темир тор артына кулпулабайлы. Андай мамлекеттин келечеги жакшы болбойт», — деп белгиледи Самыйкожо.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алган активист жана саясатчылар 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалган. Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

Тинтүү жана кармоолор боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев жана Жанар Акаев үн катышты. Эл өкүлдөрү укук коргоо органдарынын аракетин сынга алышты.

Икрамов укук коргоо органдарынын аракеттери демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузарын айтса, Масалиев жарандарга башаламандыкты токтогууга жардам сурап кайрылган.

«Эртең өз оюбузду айтабыз десеңер, силерге да жетип келишет», — деп жазган ал.Бекешев активисттер менен саясатчыларга карата кылмыш иштерин «болбогон нерсе» деп атап, Кыргызстан «авторитаризмге барып калганын» кошумчалаган. Акаев болсо активисттер менен саясатчылардын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Ал Конституция боюнча ар бир кыргызстандык өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин баса белгилеген.