Factcheck.kg: Президент Жапаровдун курткасынын баасына Ысык-Көлдөн батир алса болот

Президент Садыр Жапаров баасы 1 млн 264 миң сом же 15,3 доллар турган италиялык Loro Piana брендине таандык куртканы кийип жүрөт. Куртканы ичи жана жакасы кундуздун терисинен капталган. Аны Factcheck.kg’нин журналисттери аныкташты.

Журналисттердин маалыматына ылайык, Жапаров жаы курткасын 21-октябрда Нарын облусуна Куланак ГЭСине капсула саларда кийип барган. Ал буга чейин аталган курткасын элге кийип чыга элек болчу.

Журналисттер Москвадагы ЦУМдун сайтында ушул эле куртка күрөң түстө 1 млн 283 миң сом же 15,5 миң доллар турарын билдиришти.

«Баасы 1 млн 264 миң сомдук Loro Piana курткасына 175,5 кыргызстандыктын жашоо минимумун батырса болот. 2022-жылдын III кварталына карата республика боюнча калктын жашоо минимуму орто эсеп менен ар бир кишиге 7 242 сомду түзөт. Кыргызстанда 15 миң доллардын айланасындагы акчага үй сатып алса болот. Мисалы, Чолпон-Атада же Бостериде 36-37 чарчы метр ремонту жок бир бөлмөлүү батир келет», — деп айтылат журналистердин фактчектинде.

Президенттин кымбат кийимдери

Садыр Жапаровдун кымбат баалуу кийимдери буга чейин дагы коомчулуктун талкуусуна алынып келген.

2020-жылдын октябрында соцтүйүн колдонуучулары Жапаров баасы 3 миң доллар болгон Kiton бренддик кемселин (чыптамасын) кийип жүргөнүн байкашкан. Ал убакта Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан. Жапаров журналисттерге кийимди аялы сатып берерин, кээ бирин достору белек кыларын айткан.

Жапаровдун кийимдери 2021-жылдын жайында дагы талкууга алынган. Анда соцтүйүндөрдүн колдонуучулары Жапаров италиялык Stefano Ricci брендине таандык спорттук кийимин кийип жүргөнүн байкашкан. Жапаров бул костюму менен Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин бейформал жолугушуусуна катышкан.

Анда соцтармак колдонуучулары бренддин расмий сайтында Жапаровдун кийими 10 450 доллар: спорттук шымы — 5 600 доллар, ал эми бомбери — 4 850 доллар тураарын айтышкан.

1-январда президент жубайы Айгүл Жапарова менен Каракол тоо-лыжа базасына барган. Kaktus.media басылмасынын маалыматына ылайык, президент Lynn’дун ак лыжа костюмун кийип жүргөн. Toni Sailer’дин расмий сайтында мындай костюмдун баасы 1 099 евро турат. Ал эми биринчи айымдын жонунда баасы 1 099дан 1 500 еврого чейин болгон Elin Light Fog сериясындагы куртка болгон.

Кийинки айда өлкө башчысынын сырткы кийими кайрадан көзгө урунган. Анда президент борбор калаадагы базарларды кыдырып, соодагерлерге көзөмөл-кассалык машинанын пайдалуу жактарын түшүндүрүп жүргөн.

Анда соцтармактын колдонуучулары президент Бээжинге да, базарга да бирдей куртканы кийип барганын байкашкан. Ал эми куртка Stefano Ricci италиялык эркектер кийиминин элиталык брендине таандык экенин аныкташкан — бренддин расмий сайтында кундуз жакалуу куртканын баасы 5900 доллар экени айтылат.

2-майда президент эски аянттагы Айт намазга катышкан. Анда өлкө башчысынын намазга кийип барган жаңы күрмө коомчулуктун көңүлүн бурган.

Буга чейин ал бул күрмөсүн эч жакка кийип барган эмес эле. Factchek.kg басылмасынын маалыматына ылайык, президенттин жонундагы күрмө италиялык Paul&Shark брендине таандык болушу мүмкүн. Мындай күрмөнүн баасы бренддин расмий сайтында 1 014 евро же 87 600 сом деп көрсөтүлгөн.

Быйыл 29-июнда ал Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенине италиялык MOORER брендине таандык куртка кийип барганы айтылган.

Бренддин сайтында Жапаровдун курткасы 1020 евро экени көрсөтүлгөн.