Factcheck.kg: Жапаров Солтон-Сарыга италиялык брендге таандык, баасы 1 020 евролук куртка кийип барды

Factcheck.kg басылмасы президент Садыр Жапаров Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенине италиялык MOORER брендине таандык куртка кийип барганын аныктады. Мамлекет башчы Нарын облусуна 27-июнда барган, анда жергиликтүү эл жана инвесторлор менен жолуккан.

Басылма бренддин сайтына таянып, Жапаровдун курткасы 1020 евро же 28-июнга карата Улуттук банктын курсу менен 85,8 миң сом экенин жазды.

MOORER сайтында куртка Acqua линиясындагы, каздын жүнү капталып, шырылган пальто-бушлат экени (узундугу 72 см) айтылган.

«Эки катар мүйүздүү топчу кадалган, жакасы тик, жакага ыңгайлуу топчуланган капюшонду кааласа чечип койсо болот. Чөнтөктөрүно кыюу басылып, жеңи клевант түрүндө бекийт. Жеңил жана сындуу модель — расмий жана күнүмдүк стилдин айкалышы. Далысы ички бетинен шырылып, ичи капталган кездемеге бириккен, документтер үчүн ыңгайлуу чөнтөктөрү бар», — деп сүрөттөлөт.

Президенттин кымбат кийимдери

Садыр Жапаровдун кийимдери буга чейин дагы талкууга жем таштаган.

2020-жылдын октябрында соцтүйүн колдонуучулары Жапаров баасы 3 миң доллар болгон Kiton бренддик кемселин (чыптамасын) кийип жүргөнүн байкашкан. Ал убакта Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан.

Социалдык тармактагы сүрөт.

Ошол эле жылдын ноябрь айында «Регион ТВнын» журналисти Жапаровдон кийимдеринин баасы тууралуу сураган. Анда Жапаров костюмдарды жубайы Айгүл сатып аларын, айрым достору жана туугандары өлкө башчыга кийим-кече белеке берип турарын айтып жооп берген.

Жапаровдун кийимдери 2021-жылдын жайында дагы талкууга алынган. Анда соцтүйүндөрдүн колдонуучулары Жапаров ошол эле италиялык Stefano Ricci брендине таандык спорттук кийимин кийип жүргөнүн байкашкан. Жапаров бул костюму менен Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин бейформал жолугушуусуна катышкан.

Сүрөт: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали.

Анда соцтармак колдонуучулары бренддин расмий сайтында Жапаровдун кийими 10 450доллар: спорттук шымы — 5 600 доллар, ал эми бомбери — 4 850 доллар тураарын айтышкан.

Stefano Ricci сайтынан скриншот.

Андан тышкары, 1-январда президент жубайы Айгүл Жапарова менен Каракол тоо-лыжа базасына барган. Маалымат каражаттары менен соцтүйүндөрдүн колдонуучулары анда да президенттин жана биринчи айымдын лыжа үчүн кийген формаларына көңүл бурушкан.

Kaktus.media басылмасынын маалыматына ылайык, президент Lynn’дун ак лыжа костюмун кийип жүргөн. Toni Sailer’дин расмий сайтында мындай костюмдун баасы 1 099 евро турат. Ал эми биринчи айымдын жонунда баасы 1 099дан 1 500 еврого чейин болгон Elin Light Fog сериясындагы куртка болгон.

Кийинки айда өлкө башчысынын сырткы кийими кайрадан көзгө урунган. Анда президент борбор калаадагы базарларды кыдырып, соодагерлерге көзөмөл-кассалык машинанын пайдалуу жактарын түшүндүрүп жүргөн.

Анда соцтармактын колдонуучулары президент Бээжинге да, базарга да бирдей куртканы кийип барганын байкашкан. Ал эми куртка Stefano Ricci италиялык эркектер кийиминин элиталык брендине таандык экенин аныкташкан — бренддин расмий сайтында кундуз жакалуу куртканын баасы 5900 доллар экени айтылат.

Садыр Жапаров Ош базарында. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президенттин кийингени май айында кайрадан талкууга түшкөн. Анда Жапаров эски аянтта өткөн Айт намазына барган.

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров 2-майда Айт намазда. Сүрөт: Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы.

Factchek.kg басылмасы президенттин жонундагы күрмө италиялык Paul&Shark брендине таандык болушу мүмкүндүгүн, мындай күрмөнүн баасы бренддин расмий сайтында 1 014 евро же 87 600 сом деп көрсөтүлгөнүн жазган.