Активисттер менен саясатчыларды тинтүүгө алууда жана алардын кармоодо эч кандай укук бузуу болгон жок. Бул тууралуу парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев билдирди.
Аширхожаевдин айтымында, бардык тергөө амалдары мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатат.
«Тергөө амалдары жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 23-октябрда 22 адамдын үйү тинтүүгө алынды. Кечээ күнү ал адамдарга айыптары угузулуп, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 20 кишинин баш коргоо чарасы каралып камакка алынды, бир адамга ден соолугуна байланыштуу үй камагы тандалып алынды. Тинтүү жүргөнүнүн жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугу прокуратура жана тергөө судьясы тарабынан каралып чыгып, биздин тергөө аракеттерибиз мыйзамдуу деп табылды», — деп билдирди министрдин орун басары.
Депутат Алишер Эрбаев кармалгандарын сүйлөшүүсү делген аудио жазманын аныктыгы жөнүндө экспертиза жүргүзүлгөнбү деп кызыкты.
«Сүйлөшүүлөр, жолугушуулар 22-октябрда болуп жатат туурабы? Ал эми 23-октябрда массалык түрдө кармап, баш коргоо чараларын карап, убактылуу камап жатасыздар. Ар бир аудио-видео запись болгондо ал экспертизадан өтүшү керек. Ошол экспертизаны түнү менен жасадыңыздарбы? Сиздерде корутундусу барбы?» — деп сурады депутат.
Министрдин орун басары экспертиза жүргүзүлөрүн, анын жыйынтыгы менен жазманын чын-бышыгы аныкталат деп жооп берди.
Ал эми депутат Русланбек Жакышов министрдин орун басарынан эмне үчүн кармалган активисттер ар башка убактылуу кармоочу жайларга киргизиленин сурады.
«Бишкектин убактылуу кармоочу жайында киши көптүгүнө байланыштуу башка жайларга чачыратууга мажбур болдук. Бирок баш коргоо чарасы кабыл алынгандан кийин Бишкектин ТИЗО-1не алынып келип жатат. Убактылуу кармоочу жайды тандоо бул техникалык гана учур болду», — деп жооп берди министрдин орун басары.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-октябрга караган түнү массалык башаламандык уюштурууга шектелген саясатчылар менен активисттердин баш коргоо чарасын карады.
Биринчи май райондук соту 20-декабрга чейин камакта калтыргандар:
активист Эрлан Бекчороев;
БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;
журналист Айданбек Акматов;
саясатчы Равшан Жээнбеков;
экс-депутат Асия Сасыкбаева;
активист Айбек Бузурманкулов;
активист Перизат Суранова;
активис Чыңгыз Капаров;
активист Чынарбек Шабдан уулу (Али Шабдан);
активист Таалай Мадеминов;
УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев;
активист Нурлан Асанбаев;
экс-депутат Кубанычбек Кадыров;
саясатчы Бектур Асанов;
укук коргоочу Клара Сооронкулова;
саясатчы Жеңиш Молдокматов.
Сот саясатчы Азимбек Бекназаровду 23-декабрга чейин, активист Улукбек Маматаевди 22-декабрга чейин, ал эми укук коргоочу Рита Карасартованы 21-декабрга чейин камакта калтырды. Кармалгандардын баары Бишкектин СИЗО-1де камакта болот.
Активист Талант Эшалиевге да Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралышы керек болчу. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, Эшалиев сотко инфарктка болуу абалында алып келинген.
Андан кийин активистти абалы начарлап кеткендиктен кайрадан ооруканага алып кетишкен. Эшалиев башка саясатчы жана активисттердей эле массалык башаламандык уюштуруу ишинде шектүү катары өтүп жатат.
Активист Капаров баш коргоо чарасы чыккандан кийин соттун чечимине нааразы экенин билдирди.
«Бул бийликтен жакшы нерсе күтүүгө болбойт. Бир кезде аларды колдогом, азыр ошого өкүнүп жатам. Жер жана суу бизден кийинки муундарга тиешелүү. Силер да, эл, керт башыңарды ойлобогула. Келечек муун бизди кечирбейт. Адилеттүүлүктү талап кылабыз. Бул репрессия. Эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Мен ал жыйынга жөн эле угуучу болуп катышкам, эч кандай катышуучу же уюштуруучу эмес болчумун», — деди активист.
Ал ошондой эле элге кайрылып, кармалган активисттерди колдоону суранды.
«Эгер камашса, өлкөдө эркиндик болбойт. Өлкөбүз экинчи Түркмөнстанга айланат. Кыргыз элим, мындай болушуна жол бербегиле. Бүгүн бизди сындырат, эртең силердин балдарыңарга да жетишет. Азыркы бийликтегилер бандиттер. Мыйзам менен эмес, өз түшүнүктөрү менен жашап жатышат», — деп кошумчалады ал.
Ал эми Али Шабдан тагылып жаткан айыптар мыйзамсыз экенин билдирди.
«Бүт баары мыйзамсыз. [Айыптоону] окусаңар өзүнчө эле анекдот. Беспредел», — деди ал.
Ал арада юрист Замир Жоошев кармалган активисттер менен саясатчылардын сотко барган адвокаттарынын бири да кылмыш ишин козгоо боюнча токтомду көрбөгөнүн, ал сотко да берилбебегенин айтты. Ошондуктан активист Али Шабдандын жактоочусу ишти токтомсуз карап жаткан сотту алмаштырууну суранган.
«Кечээ бардыгына камакка алуу токтомунун көчүрмөсү берилди. Ал эми кылмыш иши козголгону тууралуу токтомду көрсөтүшкөн да жок», — деп жазды Жоошев.
Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо
Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алган активист жана саясатчылар 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалган. 24-октябрга карата жок эле дегенде 22 адамдын кармалганы белгилүү.
Акыйкатчы институтунун башчысы Атыр Абдрахматова тинтүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери бир катар мыйзам бузууларга жол беришкенин, атап айтканда, кармалгандарды коркутуп, жакын туугандарынын мүлктөрүн алып коюшкан, суракка чакыруу кагаздары жок чакырышканын белгилеген.
ИИМден болсо Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатканын айтып жооп беришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө «айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынган».
Тинтүү жана кармоолорду парламент депутаттары Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев жана Жанар Акаев да сынга алышкан.
Икрамов укук коргоо органдарынын аракеттери демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузарын айтса, Масалиев жарандарга башаламандыкты токтогууга жардам сурап кайрылган.
«Эртең өз оюбузду айтабыз десеңер, силерге да жетип келишет», — деп жазган ал.
Бекешев активисттер менен саясатчыларга карата кылмыш иштерин «болбогон нерсе» деп атап, Кыргызстан «авторитаризмге барып калганын» кошумчалаган. Акаев болсо активисттер менен саясатчылардын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Ал Конституция боюнча ар бир кыргызстандык өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин баса белгилеген.
24-октябрь күнү Бишкек жана Ош шаарларында саясий куугуттуктарга жана Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы митингдер өттү. Ал эми Өзгөн жана Жалал-Абадда президент Садыр Жапаровду колдоо митинги өткөн.
Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген.Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп эсептейт.
«Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен», — деп билдирген Жапаров.