Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бийликти колдогон митинг өттү

Сүрөт: Kloop

Ош облусунун Өзгөн шаарында Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бийликке ыктаган митинг өттү. Ага болжол менен 300гө жакын киши катышты.

Катышуучулардын бири президент Садыр Жапаров Өзгөн районунда эл менен өткөргөн жолугушууда Кемпир-Абад боюнча «баарын түшүндүрүп берди» деп айтты. Мындан улам ал бийликтин позициясын колдоорун билдирди.

«Тынч болгон жерде өлкө өнүгөт. Согуш боло берсе ал жерде эч качан өлкө да өнүкпөйт, эл да өнүкпөйт, жашоо да начар болот. Ошон үчүн кыргыз элине тынчтык керек», — деди митингчилердин бири.

Чогулгандар бир ооздон «бизге тынчтык керек» деп, «бийликти колдоого» чакырышты. Ошондой эле алар 23-октябрда саясатчылардын жана активисттердин кармалышын «туура» деп эсептешээрин айтышты.

Ушундай эле бийликти колдогон митинг Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын алдында өттү. Ага ондогон адам катышып, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.

Ошону менен катар Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында, Ош жана Бишкек шаарларында Кемпир-Абадды жана ага байланыштуу кармалгандарды коргогон акциялар өттү.

Кызыл-Октябрь айылындагы тынчтык митингинде катышуучулардын бири бийликти ыктаган митингге «мамкызматкерлерди зордоп алып барышканын» айтты.

23-октябрда ИИМ 20дан ашык саясатчы жана активисттердин үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен. Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен. Андан тышкары, кармалгандардын бир бөлүгү — 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

Жарандык көзөмөл комитети бийликти Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы пикир айткан активисттерге карата репрессияны токтотууга чакырды.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кемпир-Абад берилбесин жана саясий куугунтук токтосун». Бишкекте тынчтык жүрүшү өттү

«Кемпир-Абад» чуусу. Активист Күрөнов бийликтин куугунтугунан улам өлкөдөн чыгып кетти

Бир карикатура менен: «Эки достун түшүнүгүндөгү демократия»