Депутаттар Мадумаровду «пиар кылууда» деп айыпташты. Ал жапырт камоолор тууралуу маселе көтөргөн

Парламенттин 26-октябрдагы жыйынында айрым депутаттар активисттер менен саясатчылардын жапырт түрдө кармалышы боюнча укук коргоо органдары Жогорку Кеңешке келип маалымат берүүсүн талап кылышты.

Аларды депутат Адахан Мадумаров колдоп чыкты.

«Эч нерсе болбогондой болуп мыйзамдарды талкуулап отуруп алганыбыз “эл өкүлчүлүгү” деген бийик наамга татыксыз болуп калабыз. 23 киши кармалып жаткан болсо, алардын аркасында бештен киши болсо дагы жүздөгөн кишинин тагдыры маселе болуп жатат. Көпчүлүк учурда өкмөт киргизип, президент суранып жатат колубузда кагаз жок болсо деле ушуну кезексиз карап коёлу деген демилгени көп көтөрөбүз. Мен биринчи жолу ушул демилдеген колдонуп туруп [ушул маселени] көтөрөм», — деди Мадумаров.

Буга депутат Фархат Исмаилов Мадумаров «пиарланып» жатат деп жооп берди. Ал кесиптешин элди «дүрбөлөң кылбоого» чакырып, укук коргоо органдары баарын өздөрү териштирет деп билдирди.

«Кайсы жерден болсо да өзүнүн пиарын жасаганга көп сөздөрдү айтат. Адахан Кимсанбаевичке айтат элем, андай пиарыңызды токтотуңуз. Мындай сүйлөгөн болбойт. Мамлекет азыр кыйын акыбалда турганда, мамлекеттик сыр деген бар, ошондуктан сабыр кылып турган жакшы. Анан дин жөнүндө сүйлөйсүз, билем дейсиз, бирок билбегениңиз өкүнүчтүү. Агитация маалында да дин жөнүндө сүйлөйсүз. Кимде-ким өлкө башчысына каршы сүйлөй турган болсо — күндү карап таш урган менен барабар. Ал таш өзүңүзгө тийиши мүмкүн. Мамлекетке 30 жыл ичинде биздин өлкө башчыдай бир дагы президент иш алып барган эмес. Күчтүү курал-жарактарды алып келди. 30 жылда эч ким бийлик башындагы президентибиздей иштеген эмес. А сиз 30 жылда бир дагы кирпич алып келген эмессиз», — деп билдирди ал.

Депутат Жеңишбек Токторбаев Исмаиловду колдоого алды.

«Азыр укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Ошол жумуштар бүткөндөн кийин карасак болот. Анан коллегабыз [Мадумаров] өзүнөн башканы жакшы көрбөйт, өзүнөн башканы акылдуу сезбейт. Бул “дешевый” пиар. Эми улуу сөздө уят жок дегендей. Бул политический мусор. 30 жылдан бери эле ошол – публикага ойноп, өзүн пиарлаш керек», — деди Токторбаев.

Ал арада депутат Дастан Бекешев эл өкүлдөрү бири-бирине карата сын айтпашы керектигин белгиледи.

«Эми ар бирөөсү [депутат] өзүн билет. Эл дагы аны билет. Бири-бирибизге баа бербей, депутаттык мандатты сыйлайлы. “Шайлоодо пиар” кылып жатат дебейли, шайлоо учурунда депутат болом деген киши пиар кылат. Каалайсызбы же каалабайсызбы саясаттын табияты ушундай», — деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-октябрга караган түнү массалык башаламандык уюштурууга шектелген саясатчылар менен активисттердин баш коргоо чарасын карап, 20дан ашык киши эки айга камакка алынган.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алган активист жана саясатчылар 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалган. 24-октябрга карата жок эле дегенде 22 адамдын кармалганы белгилүү болгон.

Акыйкатчы институтунун башчысы Атыр Абдрахматова тинтүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери бир катар мыйзам бузууларга жол беришкенин, атап айтканда, кармалгандарды коркутуп, жакын туугандарынын мүлктөрүн алып коюшкан, суракка чакыруу кагаздары жок чакырышканын белгилеген.

ИИМден болсо Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатканын айтып жооп беришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө «айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынган».

Тинтүү жана кармоолорду парламент депутаттары Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев жана Жанар Акаев да сынга алышкан.

Икрамов укук коргоо органдарынын аракеттери демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузарын айтса, Масалиев жарандарга башаламандыкты токтогууга жардам сурап кайрылган.

«Эртең өз оюбузду айтабыз десеңер, силерге да жетип келишет», — деп жазган ал.

Бекешев активисттер менен саясатчыларга карата кылмыш иштерин «болбогон нерсе» деп атап, Кыргызстан «авторитаризмге барып калганын» кошумчалаган. Акаев болсо активисттер менен саясатчылардын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Ал Конституция боюнча ар бир кыргызстандык өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин баса белгилеген.

24-октябрь күнү Бишкек жана Ош шаарларында саясий куугуттуктарга жана Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы митингдер өттү. Ал эми Өзгөн жана Жалал-Абадда президент Садыр Жапаровду колдоо митинги өткөн.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген.Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп эсептейт.

«Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен», — деп билдирген Жапаров.