Түнкүсүн арзаныраак. Электр энергиясы үчүн «күн-түн» тарифин киргизүү пландалып жатат

Энергетика министрлиги электр энергиясы үчүн «күн-түн» деген жаңы тарифти киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ведомствонун башчысы Таалайбек Ибраев парламенттин 26-октябрдагы жыйынында билдирди.

Ибраев мындай тариф түнкүсүн арзан, ал эми күндүз кымбат болот дегенди билдирерин түшүндүрдү. Ал өлкөдө электр энергиясын керектөө эртең менен саат 7:00дөн 11ге чейин жана кечкисин сааат 6дан 9га чейин жогорку чекке жетерин айтат.

«Бүгүнкү күнү [мындай тариф] кээ бир санаторийдерде колдонулат. Бизде практикада бар. Түнкүсүн [электр энергиясы үчүн] арзан, күндүзү кымбат төлөшөт […] Биздин бизнесмендерге да пайдалуу болот эле: тигүү цехтерине, наавайкана жана ширетүүчү цехтерге», — деди ал.

Ибраев Кыргызстан 2-5 жылда акырындык менен бул тарифке өтөрүн кошумчалады.

Депутат Элдар Сулайманов мындай тарифти киргизүү колдоого алардык экенин айтып, эгер бул боюнча мыйзам долбоору парламентке келсе эл өкүлдөрү колдоп берерин белгиледи.

Ошол эле кезде Ибраев Энергетика министрлиги электр жарыгына болгон жаңы тарифти качан демилгелей турганын айткан жок.

Мурдараак минбка электр энергиясын чектөөсүз колдонгусу келгендер үчүн жаңы тарифти киргизген. Ага ылайык, жарандар бардык керектеген электр энергиясы үчүн 5 сом 4 тыйындан төлөйт, мында 700 кВт/с чектөө нормасы колдонулбайт.2021-жылдын октябрында өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясынын жаңы тарифтери күчүнө кирген.

Калк үчүн тарифтер мурдагы бойдон калган — айына 700 кВт/с чейин керектөөдө бир кВт/с үчүн 77 тыйын, ал эми 700 кВт/с ашык керектөө үчүн — 2 сом 16 тыйын. Бирок 2022-жылдын 1-январынан тартып ай сайын «үй-бүлөлөгө көмөк» жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясы үчүн тариф бир кВт/с үчүн 50 тыйынга арзандатылган. Бул тариф эгер алар айына 700 кВт/с чектөөдөн ашпаса гана иштейт.