«Мыйзамды бузбагыла». Жапырт кармалгандардын жакындары президентке кайрылышты

Жапырт камалган саясатчы жана активисттердин жакындары 27-октябрда басма сөз жыйын курду. Алар президент Садыр Жапаровго кайрылып, ишти өз көзөмөлүнө алуусун талап кылышты.

Активист Али Шабдандын жубайы Нурайым Сыдыгалиева жолдошу эмне үчүн кармалганын азырга чейин түшүнө албай жатканын айтып, ага тагылган айып далилсиз экенин белгиледи.

«Качантан бери мамлекеттин жерин, ресурстарын сактап калуу аракети оор кылмыш болуп калды эле? Эмнеге бул үчүн камаш керек? Сот анын үйдө жалгыз багуучу экенин да эске албады. Эмнеге жок дегенде үй камагына алган жок?» — деп суроо салды ал.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшанов акыркы күндөрү мыйзам одоно бузулганын айтты.

«Менин атам саясатта көп жылдан бери жүрөт, атам түрмөгө даяр. Үй-бүлөсү, жакындары да даярбыз. Мейли менин атам Кемпир-Абад үчүн камалсын, бирок беш айымды чыгарып койгула! Мыйзамды бузбагыла!» — деди ал.

Равшанов өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылып «башаламандыктарды токтотууга жана камалгандарга адилеттүүлүк кылууга» чакырды.

«Садыр мырза, балким сиз ушуну көрүп каласыз. Мен сизге бир суроо берейин, сиз жаш муунга кандай Кыргызстанды калтыргыңыз келет? Кемпир-Абад мененби же Кемпир-Абадсызбы? Бириккен Кыргызстандыбы же бөлүнгөн Кыргызстандыбы? Убакыт бат эле өтүп кетет, сиздин бийлигиңиз да баары бир кетет. Ошондо сизди кандай президент деп эстейли?» — деп суроо салды ал.

Ал эми активист Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбаева Кемпир-Абадды коргоо комитетинин иши улантыларын билдирди.

«Биз эркиндикти сүйгөн элбиз, эркиндикке көнгөн элбиз. Ошондуктан канча коркутсаңар дагы биз күчтөнөбүз, ишибизди улантабыз. Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстанда калсын деген талап калат. 36-39-42- протоколдордун тексттери ачыкталышы керек. Бийлик саясий куугунтукту токтотуп, диалогго келип, күч колдонбой эл менен сүйлөшсүн»,— деди ал.

Активист жана саясатчылардын кармалышы

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп 20дан ашык активист жана саясатчыларды кармады, үйлөрүн тинтүүгө алды. Сот аларды эки айга камакка алды.

Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышты. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.

Ал эми жапырт кармалгандардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.


ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңеште жапырт кармалгандардын маселеси көтөрүлдү

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды