Жогорку Кеңеште жапырт кармалгандардын маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында жапырт кармалган саясатчы жана активисттердин маселеси көтөрүлдү. Айрым депутаттар маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

Депутат Сеидбек Атамбаев алардын кармалышы «туура эмес болгонун» белгилеп, ИИМ келип суроолорго «жооп берсин» деп талап кылды.

«Негизи кармалган кишилер менен саясий көз караштарыбыз деле ар башка. Бирок акыйкат үчүн [айтыш керек] бул туура эмес. Эртең, бүрсүгүнү кыйналып калсаңар ушул журналисттерден эч кандай жардам күтпөй эле койсоңор болот! Бийлик ЖМКнын колдоосун жоготуп жатканын түшүнүп жатасыңарбы» — деди ал.

Депутат Адахан Мадумаров да маселени отурумда кезексиз кароону талап кылды.

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен.

Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Активист жана саясатчыларга «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылды.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышты. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.

Ал эми жапырт кармалгандардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды