26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттык» кыргыз кызматынын сайтын эки айга бөгөттөдү. Буга аталган медиа 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыялаганы» себеп болду дешти.
«Клооп» медиаэксперттер Элмира Токтогулова жана Гүлнура Төралиева менен «Азаттыктын» айланасындагы окуялар жана Кыргызстанда мындан ары сөз эркиндигинин абалы кандай болот деген темада маектешти.
«Азаттыктын» бөгөттөлүшү
Төралиеванын айтымында, «Азаттык» ар качан, ар кандай формада бийликтин басымына дуушар болуп келет. Медиаксперт учурдагы кырдаалда сөз эркиндигине басым кылуу үчүн «ойдон чыгарылган шылтоо» тандашты деп эсептейт.
«Шылтоо күтүп жүрүшкөн, пайда болду. Чыныгы себеп бийлик ой-пикирлердин плюрализми үчүн аянттарды кыскартып, өзүнүн ишиндеги кемчиликтерди жашырып, кайсы бир чечимдерди жок кылып, “Азаттык” аркылуу башкаа медиабулактар менен аянтчаларды коркутууга аракет кылып жатат», — дейт медиаэксперт.
Ушундай эле пикирди Элмира Токтогулова да карманат. Ал «Азаттык» сайтынын бөгөттөлүшү — бул «бийликтин Кыргызстанда автократия режимин күчөтүүгө үчүн атайылап жасалган кадам» экенин белгилейт.
Анын пикиринде, бийликтин фейктер тууралуу мыйзамды кабыл алуу, ЖМКга каршы митингдер, депутаттардын сөз эркиндигин кысуу үчүн болгон үзгүлтүксүз аракеттер, КТРКнын коомдук телеберүү форматынан баш тартуу сыяктуу аракеттери — бул «өлкөдө таптакыр тынчтык режимин калыптандыруунун пайдубалын түптөөгө даярдык».
«Бул альтернативдүү позициялар жок, бийликке карата сын айтылбаган, мамлекеттик маанидеги чечимдер ачык-айкын болбой турган [зона]», — дейт ал.
Токтогулова Маданият министрлиги «Азаттыктын» бөгөттөлүшүнө себеп болду деп айтып жаткан материалда бийлик айтып жаткан кастык тили камтылган эмес, ал эми эки өлкөнүн журналисттери жаңжалдагы эки тараптын позициясын гана айтышканын баса белгиледи.
Тема боюнча окуңуз: Кемпир-Абад үчүнбү же Баткенби? Бийлик «Азаттыкты» эмне себептен бөгөттөдү
Эмне үчүн азыр бөгөттөп жатат?
Төралиева бийликтин логикасы ага түшүнүксүз болуп жатканын жана эмне үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу сентябрь айында чыккан материал бөгөттөөгө негиз болгонун түшүнө албай жатканын моюндады.
«Азыр мындай суроо пайда болду — эмне үчүн ал программа эфирге чыкканына бир айдан ашык убакыт өткөндөн кийин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөөнү чечишти? Эмне үчүн “Настоящее времянын” сайтын эмес? (алардын сайттары эки башка)? Эмне үчүн бөгөттөө Кемпир-Абад маселесин чечүү жана оппозиция менен жарандык активисттердин бийликке маселени ачык-айкын чечпей жатасыңар деген сыны менен бир учурда болуп калды? Азырынча бул бийликтин эң активдүү ЖМКны жок кылууга болгон өтө эле жагымсыз, ыксыз ыкмасындай көрүнүп жатат», — деп белгилейт медиаэксперт Элмира Токтогулова.
Мындан ары эмне болот?
Төралиева да Токтогулова да өлкөдө көз карандысыз ЖМКга басым улана берет деп эсептешет.
«Мындай аракеттер көпкө күттүрбөйт. Бийликтин акыркы кадамдарына карасак — аракеттер бир топ катаал болчудай. Сөз эркиндигин талап кылуу кыйындай берет», — деди Төралиева.
Токтогулова болсо активисттерди кармоо, иликтөөчү-журналисттерге карата куугунтуктар, көз карандысыз ЖМКга каршы митингдер — «бийликтин саясий диалог курууга дарамети жоктугу, өздөрүнүн профессионалдык кемчиликтерин же коррупциялык схемаларын жашыруу аракети, ачык жана жоопкерчиликтүү маалыматтык саясат жүргүзө албаганы жана жарандарга маалыматтык тандоо бербей жатканын көрсөтөт» деп эсептейт.
«Агрессия, цензура, акчага иштеген тарапташтар жана троллдор, өлтүрүп кетүү менен коркутуулар жана атаандаштарды түрмөгө отургузуу — чыныгы мамлекеттик ишмерлердин ыкмалары эмес. Адатта мындай аракеттер жаман аяктайт. Активисттерди камоо жана ЖМКны ойдон чыгарылган шылтоо менен камоолор, тилекке каршы уланат деп ойлойм», — деди медиаэксперт.
Тема боюнча окуңуз:
Кемпир-Абад үчүнбү же Баткенби? Бийлик «Азаттыкты» эмне себептен бөгөттөдү
Сөз эркиндигине басым күчөдү. Кыргызстандагы ЖМКлардын өкүлдөрү президентке кайрылышты