Сөз эркиндигине басым күчөдү. Кыргызстандагы ЖМКлардын өкүлдөрү президентке кайрылышты

Иллюстрация: Татьяна Зеленская

Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлардын редакторлору жана негиздөөчүлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Анда алар өлкө башчысына анын басма сөз кызматысыз жолугушуу өткөрүүнү сунуштап, бир катар талаптарды коюшту.

ЖМК өкүлдөрү акыркы кезде сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилешти. Ошондой эле аларга каршы ар кандай митингдер уюштурулуп, ал учурда айтылган коркутууларга тиешелүү органдар көңүл бурбай жатканын сынга алышты.

«Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо уюштурулууда. Редакцияларды өрттөө жана маалымат каражатынын өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу боюнча акцияларда ачык коркутуулар болууда. Ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга реакция кылбай жатат», — деп жазылат катта.

Ошондой эле алар президенттин аппараты иштеп чыккан «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун сынга алышты.

«Анын 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөн. Ошол эле учурда кээ бир эрежелер дагы катаал. Медиа уюмдардын юристтеринин айтымында, эгер документ азыр сунушталган формада кабыл алынса, Кыргызстан ЖМКлары, андан соң блогерлери менен интернет колдонуучулары сөз эркиндиги менен кош айтышы мүмкүн», — деп тынчсызданышты алар.

ЖМК башчылары жана редакторлор өлкө бийлигине төмөнкү сунуш-талаптарды коюшту:

«Азаттыктын» сайтына бөгөт коюу чечимин жокко чыгаруу;

Даттанууларды кароону жана башка массалык маалымат каражаттарына бөгөт коюуну токтотуу;

Журналисттерге карата негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш иштерин токтотуу;

«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу;

ЖМК мыйзамдарын талкуулоо үчүн ыйгарым укук берилген медиа коомчулуктун (Журналисттер көз карандысыз союзу, «Журналисттер» коомдук бирикмеси жана редакциялардын жетекчилери) катышуусу менен жумушчу топ түзүү;

Жогорку Кеңеш: экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын «Такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамына депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо.

Аталган кайрылуу Садыр Жапаровдон сырткары Жогорку Кеңешке, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Ички иштер министри Улан Ниязбековго, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго жолдонду.

Кайрылууга кол койгондордун тизмеси:

Дина Маслова, «ПроМедиа Плюс» коомдук фондунун жетекчиси, Kaktus.media, Kaktus.kg, Bilesinbi.kg негиздөөчүсү);

Махинур Ниязова, 24.kg маалымат агенттигинин шеф-редактору;

Айзада Касмалиева, «Азаттык Медианын» редактору;

Анна Капушенко,«Клооптун» башкы редактору;

Али Токтакунов, MediaHub’дын жетекчиси;

Болот Темиров, TemirovLive’дын жетекчиси;

Нургуль Абдыкеримова, «Медиа Өнүктүрүү Борбору» коомдук фондунун жетекчиси, Faсtcheck.kg негиздөөчүсү;

Таалай Дуйшенбиев, «Арча»;

Кайыргуль Урумканова, Govori.TV’нын жетекчиси;

Жаныбек Деркембаев, «Т-Медиа групптун» башкы директору;

Дильбар Алимова, «ПолитКлиника» медиасынын редактору;

Семетей Аманбеков, Bulak.kg’нин жетекчиси;

Гладис Темирчиева, Vesti.kg’нин жетекчиси;

Лейла Саралаева, «Новые лица» жетекчиси;

Равшан Личаню, TV1.kg башкы продюсери;

Нурдин Дуйшенбеков, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы;

Дмитрий Ложников, «Апрель» телеканалынын башкы редактору;

Ярослав Тартыков, Factcheck.kg’нин редактору;

Нуржамал Джанибекова, «Баштанын» башкы редактору;

Олжобай Шакир, «Айт Айт Десенин» редактору;

Азамат Ишенбеков, «Айт Айт Десенин» редактору;

Улан Үсөйүн, «Баштан Башта»;

Асель Оторбаева, 24.kg’нин башкы директору.

ТЕМА БОЮНЧА:

Юрист Токтогазиева: Маданият министрлиги ыйгарым укугунан аша чаап «Азаттыкты» бөгөттөгөн

АКШнын Мамдепартаменти «Азаттыктын» бөгөттөлүшүнөн улам «тынчсызданганын» билдирди

ЧУКУЛ КАБАР: Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөөнү чечти

Мамлекет ЖМКны коргогондун ордуна басым кылып жатат — депутат Тазабек Икрамов