Жогорку сот Орхан Инандыны таап берем деп 50 миң доллар, автоунаа алган адамды актады

Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалган Орхан Инанды

«Сапат» лицейлер тармагынын директору Орхан Инандыны таап берүүнү убадалап, анын жакындарынан 50 миң доллар жана автоунаа алды делген шектүү сот тарабынан акталды. Бул маалыматты «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Орхан Инанды 2021-жылы 31-майда дайынсыз жоголгон. Ошол эле жылы 2-июнда белгисиз адам өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, Инандыны таап берем деп убадалап, анын жакындарынан 50 миң АКШ доллары жана Subaru Impreza унаасын алганы белгилүү болгон.

Кылмышка шектүү катары Ош облусунда туулган 28 жаштагы О.Б. кармалган. Ага «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милициянын маалыматына ылайык, шектүү жумушсуз жана мурда дагы соттолгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган иш «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен кайра квалификацияланган.

Свердлов райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле ага 70 миң сом айып салынып, келтирилген чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Кийинчерээк Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, кылмыштын курамы жок деген негизде аны актаган.

Буга байланыштуу мамлекеттик айыптоочу Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылган. Ал эми Жогорку сот экинчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды.

Инандынын уурдалышы

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды өткөн жылы Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалган. Ал Кыргызстанда бир айдан ашык изделип, Интерпол аркылуу дагы башка өлкөлөрдөн изделген.

Ал эми «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү жана тилектештери Түркиянын элчилигинин алдында бир нече жолу митингге чыгышкан.

1-июнда президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Кийин Жапаров Түркияга барып, президент Режеп Эрдоган менен жолуккан. Түрк бийлиги мурда эле Орхан Инандыны аларга өткөрүп берүүнү жана Кыргызстандагы «Сапат» лицейлерин жабууну талап кылып келген.

Укук коргоо органдары Орхан Инанды изделип жатат деп маалымат берип турган учурда Эрдоган маселеге чекит коюп, Инанды Түркияда экенин билдирген. Тагыраагы, 5-июлда түрк башчысы Инандыны Түркияга өлкөнүн атайын кызматы алып келгенин айткан. Эрдоган Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башчысы» деп атаган.

*ФЕТО — түркчөдөн которгондо Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Фетхуллах Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок «Гүлендин кыймылы» бул айыптоолорду четке кагып келет. Ал эми Кыргызстанда бул уюм экстремисттик жана тыюу салынган уюмдардын тизмесине кирбейт.

8-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ФЕТО тууралуу сөз кылып, Кыргызстанда «башка өлкөлөрдүн саясий уюмдары болбошу керектигин» билдирген, бирок ошол эле маалда Кыргызстанда бул уюмдун мүчөлөрү бир да мыйзамсыз иштерге аралашканы байкалбаганын белгилеген.

Кийинчерээк Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова анын тергөө маалында берген көрсөтмөсүнөн баш тартканын билдирген. Анын айтымында, көрсөтмө кыйноо менен алынган, бирок ага карабастан ал күнөөнү мойнуна алган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Адвокат: Орхан Инанды мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартты, себеби ал кыйноо менен алынган