«Социал-Демократтар» партиясы прокуратурадан кыздын зорукталышы боюнча ишти көзөмөлгө алууну өтүндү

Бишкек шаардык кеңешинин «Социал-Демократтар» партиясы шаардык прокуратурадан соцтүйүн аркылуу кабарланган кыздын зордукталышы боюнча ишти көзөмөлгө алууну өтүндү.

Фракция лидери Кадыр Атамбаев Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Нишанбаевге кат жолдоп, милиция кызматкерлеринин аракетин текшерүүнү суранды.

«Аталган маалымат булагында Шабдан Алмазбеков Кылмыш жаза кодексинин «Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар» бөлүмүндөгү беренелерди бузганы тууралуу маалымат айтылат. Бул боюнча мыйзамга ылайык чара көрүүңүздү өтүнөбүз», — деп жазылат кайрылууда.

Эмне болду эле?

28-октябрда инстаграм колдонуучусу курбусун 19 жаштагы бала зордуктап кеткенин жазып чыккан. Ал милиция кызматкерлери ишти жаап салууга аракет кылып жатканын белгилеген.

Маалыматка ылайык, окуя 20-октябрь күнү саат 10:00 чамасында Бишкек шаарында болгон. Жабырлануучунун курбусу милиция кызматкерлери шектүү «зордуктаганын мойнуна алганына карабай, аны коё берип салганын» айткан.

«Ишти жаптырып салууга аракет кылып жатышат. Ушундай оор берене менен анын [баланын] тагдырын талкалап жатканын айтып курбума психикалык басым жасашууда. Курбумдун кызы бар. [Милиция кызматкери] “кыздыгың жок” дегенсип, “акчаны алгын дагы унутуп кой, бир жолкудан эч нерсе болбойт, эмнеңди жоготуп жаттың эле?” дешүүдө», — деген ал.

Ал эми Ленин райондук Ички иштер башкармалыгы бул боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын жана экспертиза дайындалганын билдирген. Ал эми шаардык милиция кыздын курбусунун билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү баштаганын айткан.

Тема боюнча: Бишкектин тургуну курбусун 19 жаштагы бала зордуктаганын айтып чыкты. Милиция териштире баштады

Аялдарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча 2021-жылга карата глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Кыргызстанда кыздарды уурдап, зордукап, өлтүрүп да кетишет.

2022-жылдын апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча жумушчу тобунун адистери Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын абалы тууралуу баяндама жасашкан.

Баяндамада БУУнун адистери Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка кабылган аялдардын укук коргоо органдарына кайрылуу деңгээли абдан төмөн экенин белгилешкен.

Эгер сиз зордук-зомбулукка кабылсаңыз төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы - 0555281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777;
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976;
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461;
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890;
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084;
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары 0709 694 550;
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары 0706 383 637;
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору — Каракол шаары 0702 223 535, 0551 733 390.

Тема боюнча:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз