Таласта көк-бөрү боюнча мелдеште мушташ чыгып, эки адам жабыркады

Талас облусундагы Райкан Алканов атындагы ат майданда 30-октябрь күнү көк-бөрү боюнча мелдеш аяктагандан кийин көрүүчүлөрдүн арасында мушташ чыкты. Окуянын видеосун Turmush басылмасы жарыялады.

Видеодон эки киши мушташа кетип, аларды милиция кызматкерлери ажыратууга аракет кылганын көрүүгө болот.

Талас ОИИБнен «Клооптун» кабарчысына мушташ тууралуу маалымат чындыкка коошпойт деп айтышты. Алар «көрүүчүлөр ортосунда түшүнбөстүк чыгып», ошондуктан топтошкондордун арасында эки киши сабалганын белгилешти.

«Окуяга катышы бар адамдардын баары милицияга алынып келинди. Факт жоруктардын электрондук журналына катталды. Тергөөнүн жүрүшүндө, Бакай-Ата районунун тургундары эч кимге доосу жоктугун айтып, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышты. Азыр текшерүү жүрүп жатат», — деп белгилешти милициядан.

Милициядан коомдук жерде киши сабаган Таластын тургундарына карата административдик чаралар көрүлүп жатканын кошумчалашты.