«Арам ою ишке ашпайт» — Садыр Жапаров депутат Адахан Мадумаров тууралуу

Президент Садыр Жапаров жана ЖКнын депутаты Адахан Мадумаров

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек курду. Анда ал Кемпир-Абад маселеси боюнча жана аталган суу сактагычтын коңшу өлкөгө өтүшүнө каршы болуп келген депутат Адахан Мадумаров тууралуу кеп кылды.

Алгач журналист депутат Адахан Мадумаров «Сууну кыргыз тарап тазалайт экен, форс-мажор болсо горизонталь белгиси өзгөрө берет экен» деген маанайда билдирүү жасаганын айтып, бул боюнча президенттин оюн сурады.

Анда ал «Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган» деп сүйлөдү.

«Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп калаарын билбейт. Бул жердеги форс-мажор деген сөз боюнча, ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жааган жамгырда Сузак районунда канча деген биздин айылдарыбызды сел алып кетти. Ошол күнү биз өзбек тарапка чыгып, сууну жаба тургула деп жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонт бир аз көтөрүлөт. Көп болсо 20-30 см көтөрүлөт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетет эле. Жаан токтогондон кийин кайра ачтырдык. Мына ушундай учурларды форс-мажор деп коет», — деди ал.

Ал мындан ары ушундай учурлар болсо «эки тарап чогуу эле маселени жеринде чечип кете беришет» деп ишендирди.

«Суу азайышы мүмкүн, бирок 900дөн өйдө көтөрүлбөйт. Ал эми “сууну биз тазалап берет экенбиз” дегени акылга сыйбайт. Андай маселе жок. Эмне суунун алдына түшүп алып тумшугу менен таш түртөбү же кум шыпырабы? Кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөйбүз. Эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ою ишке ашпайт», — деди Жапаров.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү — бул чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча комиссияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси.

Талкууланып жаткан документ суу сактагыч жайгашкан Баткен облусу менен катар Ошто жана Бишкекте да бир нече митинг жана курултайлар менен коштолгон.

Ошондой эле бийлик 26 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, андан соң кармап кеткен. Аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылган.

Баш калаанын Биринчи май райондук соту кармалгандардын бардыгын Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген. Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп эсептейт.