Бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу планын аткарбагандыктан бюджет быйыл 24 млрд сом жоготот

Бажы кызматы

Бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу планын аткарбагандыктан быйыл мамлекеттик бюджетке 24 млрд сом жетпей калат. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков 2023-жылдын бюджетин кароо учурунда билдирди.

Исабеков буга оор геосаясий кырдаал себеп болгонун айтты.

«Бүгүнкү күндө 57 млрд сом чогултулду, ал эми 2022-жылга карата 98,5 млрд сом чогултуу пландалган», — деди ал

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл башында Бажы кызматына 100 млрд сомго жакын салыктык кирешелерди чогултуу тапшырмасын койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандыктар бажы кызматын эң коррупциялашкан орган деп эсептешет — Улуттук статистика комитети