Кой-Таш иши: Равшан Жээнбеков ооруп жатканына карабай сотко күч менен алып келинди

2-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишин кароо уланды.

Сотто саясатчы Равшан Жээнбеков аны отурумга ооруп жатканына карабастан күчкө салып алып келишкенин билдирди. Ал эл аралык уюмдарга, акыйткатчы Атыр Абрдахматовага, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна жана укук коргоочуларга кайрылды.

«Мени бүгүн сотко мажбурлап алып келишти, камерадан күчкө салып чыгарышты. Мен беш күндөн бери ооруп жатам. Эки күндүн биринде сот болгондуктан айыга албай жатам. Чыйрыгып, титиреп, түнү менен тердеп, тамагым ооруп чыгат. ТИЗО-1дин медициналык бөлүмүнө арыз жазып кайрылдым, бирок мага демициналык жардам көрсөтүүнүн ордуна күчкө салып сот залына алып келишти», — деди саясатчы.

Жээнбеков судьяга кайрылып, 2-3 күн дарыланууга убакыт берип, сот отурумун кийинкиге жылдыра турууну суранды. Саясатчы Конституция жана бардык эл аралык ченемдер ооруп жатканда медициналык жардам алууга жол берерин кошумчалады.

Жээнбековго козголгон кылмыш иштери

Равшан Жээнбеков — парламенттин экс-депутаты. Алмазбек Атамбаев бийликте турганда ал оппозицияда болчу, бирок мурдагы өлкө башчысы тактан түшкөндөн кийин кайра аны колдоого өткөн. Ал тургай Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалган. Учурда ал Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иштеринин фигуранты.

Ал 2019-жылдын декабрь айында «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу кармалган. Анда ага «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренелери боюнча айып тагылган.

2020-жылы октябрь окуяларында Жээнбеков бир катар саясатчылар менен кошо абактан бошотулган. Кийинчерээк сот анын бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөрткөн, бирок үй камактын эрежесин бузганы үчүн кайрадан кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-августта экс-депутат Равшан Жээнбековду ТИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган. Саясатчы өзүнө тагылган айыптоолорду бир канча ирет «саясий куугунтук» деп атаган.

Бирок 28-октябрда ИИМ Жээнбековду кайра башка активисттер жана саясатчылар менен бирге массалык башаламандык уюштурууга шектеп кармаган.

Октябрдын аягында 26 активист жана саясатчы кармалган. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилгени жатканы үчүн президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди сындап жатышкан болчу.

Тема боюнча окуңуз:

Бекем турушат. Депутаттар Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарга жолугуп чыгышты