Равшан Жээнбеков кармалды

Оппозициялык саясатчы жана мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 12-декабрь күнү кечинде кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Саясатчы кармалгандыгын «Клооптун» журналисти менен ватсап мессенжери аркылуу жазышуу учурунда ырастап берди: саат 23:06да аны убактылуу кармоочу жайга алып бара жатышканын жазган.

Жээнбековдун кармалышы үстүбүздөгү жылдын август айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу менен байланыштуу.

Ошондо бийлик Атамбаевге коррупция боюнча айып таккан эле, ал эми мурдагы президент спецназдын колуна дароо түшүп бергенден баш тартып, эки күн бою өзүнүн үйүндө тарапташтары менен бирге коргонгон эле.

Ошондогу кагылышуу учурунда бир спецназчы каза таап, дагы алтоосу Атамбаевдин үйүнүн ичинде табылган — бийликтин айтымында, аларды Атамбаевдин тарапташтары барымтага алышкан.

Равшан Жээнбеков штурм жана кагылышуу учурунда Атамбаевдин тарапташтарынын арасында, экс-президенттин үйүнүн алдында жүргөн.

«Спутник» басылмасы ШИИБдин басма сөз кызматына таянып билдиргендей, Жээнбеков «сотко чейинки өндүрүштүн алкагында» «Массалык башаламандык уюштуруу» жана «Барымтага алуу» беренелери боюнча кармалган.

Буга чейин Жээнбеков штурм тууралуу иш боюнча суракка беш жолу чакырылган эле. Ал мурдараак адамдардын барымтага алынышына тийиши жок экенин жана өзүн күнөөлү эмес деп эсептээрин билдирген.