Оштогу ыш: Move Green калаадагы абанын сапаты боюнча талкуу уюштурду

Ош шаары, 4-март, 2022-жыл. Сүрөт: Kloop

2-ноябрда Move Green коомдук уюму Ош шаарындагы абанын сапаты боюнча талкуу уюштурду. Ага экологдор, көз карандысыз эксперттер, активисттер, журналисттер жана калаа бийлигинин өкүлдөрү катышты.

Жыйында Move Green абадагы PM 2,5 катуу жана суюк бөлүкчөлөрдү өлчөө үчүн орноткон датчиктердин жардамы менен алынган маалыматтарын көрсөттү. Буга чейин «Клооптун» журналисттери аталган маалыматтардын негизинде дата-анализ жасаган. Ага ылайык, ушул кышта Ош шаарынын абасы Бишкекке салыштырмалуу алда канча кир болгону аныкталган.

Уюмдун өкүлдөрү абанын булганышынын себептерин жана аны кантип алдын алса болоорун айтышты. Ошол эле учурда вице-мэр Жасур Азимов «ыштын алдын алуу боюнча мэрия иш жүргүзүп жатат» деп билдирди.

«Биз мисалы кечээ жакында рейд жүргүзүп, абага зыян келтирип жаткан 10дой устакананы аныктадык, аларга айып пул салынды. Анан жылуулук камсыздоо ишканабыздын от казандарынын фильтрлери текшерилип, кышка даярдап жатабыз», — деди ал.

 Ал эми активисттер калаа бийлигине бул сыяктуу маселелерди чечүүдө алардын оюн угууну сунушташты. Мындан улам Азимов шаардагы активисттерден, адистерден жана бийлик өкүлдөрүнөн турган эко-кеңешме түзүлөөрүн убадалады.

Талкуунун аягында вице-мэр сунуштар эске алынаарын айтып, «мэрия ыш менен күрөшүү боюнча иш-аракеттерди улантат» деп ишендирди.

Оштогу абанын сапаты тууралуу бул материалдан кененирээк окуңуз:

Дата-анализ: Ушул кышта Ош шаарынын абасы Бишкекке салыштырмалуу кир болду