Адвокат: Зордуктоого кабылган пенсионердин иши боюнча алты жылдан бери чечим чыкпай келет

Сот пенсионерди зордуктоо иши боюнча алты жылдан бери чечим чыгара албай келет. Бул тууралуу адвокат Тилек Токтакунов айтып чыкты.

Токтакунов бул иште Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы кызматкери соттолуучу катары өтүп жатканын эскертти.

Юрист белгилегендей, 2016-жылы Аламүдүн райондук соту аны «Зордуктоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, абакка кескен. Бирок адвокаты апелляциялык арыз менен кайрылган. Юристтин айтымында, ошондон бери бул ишке «чекит коюлбай келет».

Токтакунов ишти «атайылап создуктуруп жатышат» деген божомолдоп, президент Садыр Жапаров менен башкы прокурор Курманкул Зулушевди бул ишти жеке көзөмөлүнө алууга чакырды.

Эмне болгон?

2016-жылдын августтунда 72 жаштагы аял милицияга кайрылган. Пенсионер Чүй облусунун Арашан айылында 5-августка караган түнү 33 жаштагы — мурда милиция кызматкери болгон кошунасы тарабынан зордукталган.

Жабыркаган карынын айтымында ошол түнү болжол менен түнкү 12де кошунасы каалгасын такылдаткан. Жабыркаган кемпир тааныш аял келген экен деген ойдо дарбазаны ачкан. Ошол учурда кошунасы аны чачтан алып башын бетонго урган.«Мен адегенде качып кетейин дедим, кыйкырдым, ал чачтарымды жулуп салды. Эсимди жоготтум, эсиме келсем ал мени муунтуп, тизеси менен жонумду басып турат. […]: “Эмне керек?” деп сурадым. Ал айтат: “Жүрү, жайлашабыз” деп. Анан чачымдан сүйрөп кошуналарга да, көчөдөгүлөргө да эч нерсе угулбаган бөлмөгө алып барды, өтө бузуку түрдө зордуктады. Мен дендароо абалда болдум, өлтүрүп коёт го дегем», — деген ал.

Жабырлануучунун айтымында зордуктоодон кийин ал жардам сурап коңшуларына чуркап барган. Кошуналарынын бири ага алгачкы жардам көрсөткөн.

«Түнү бою ыйлап чыктым, уялдым. Эртең менен кызыма чалдым, кийинки күнү милиция чакырдык. Ошол эле күнү чакырбаганыма өкүнөм. Мени ооруканага алып барышты. Жыныстык зомбулук тууралуу экспертиза өткөрүштү, ал бул окуяны ырастады», — деген ал.

Зордуктоодон кийин улгайган аял Бишкекке көчүп кетүүгө аргасыз болгон.