БУУ бийликти аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотууну тездетүүгө чакырды

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө аялдарга жана кыздарга карата болуп жаткан зомбулуктарга байланыштуу билдирүү жасады. Уюм «акыркы айларда үрөй учурган гендердик зомбулуктун учурларына жана аялдарга, кыздарга карата зомбулук жасаган күнөөкөрлөрдүн жазасыз калып жатканына» тынчсызданууда.

БУУ Кыргызстан 1996-жылдан бери аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык конвенциянын катышуучусу экенин, ага ылайык, мамлекет аялдарга жана кыздарга карата дискриминацияны бардык чөйрөлөрдө жоюуга жана аялдар менен кыздардын тең укуктарын камсыз кылууга милдеттүү экенин эске салды.

Алар Министрлер кабинетин «аялдарга, кыздарга карата бардык зомбулук кылмыштарын укук коргоо органдары тарабынан ыкчам жана адекваттуу иликтөөсүн тездетүүгө жана Кыргызстандагы бардык аялдарга жана кыздарга сот аркылуу адилеттүүлүккө жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга» чакырды.

«БУУнун системасы ошондой эле мындан ары өкмөттү гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнүн, анын ичинде үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулуктун кылмыштуу табияты тууралуу мамлекеттик кызматкерлер жана жалпы коомчулук арасында маалымдоо иштерин активдештирип, калкка жана жарандык коомго мындай кылмыштарды четке кагууда колдоо көрсөтүүгө чакырат», — деп айтылат БУУнун катында.

Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирүүсүн 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген төрт адамдын үстүнөн сот жараяны башталган шартта жасады. Кармалгандардын экөө милициянын кызматкерлери. Кыздын туугандарынын айтымында, шектүүлөр 13 жаштагы кызды жарым жылга жакын, 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин зордуктап жүрүшкөн.

Кыздын жакындары шектелип жаткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулашууда.

Өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча кийинки сот отуруму 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтөт. Ошол эле күнү соттун имаратынын алдында балдарга карата зомбулукка каршы митинг өтөт.

Бул иш кыздарга жана аялдарга карата зомбулук маселеси чечилбей, адатта мындай иштер сотко чейин жетпей калып жатканын дагы бир жолу көрсөттү.

БУУ ИИМге таянып 2021-жылы Кыргызстанда 604 сексуалдык зомбулук фактысы катталганын жазат. Алардын 53%ы кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.

Министрлик кыздарды уурдап мажбурлап никеге тургузуу боюнча 254 учурду каттаган, анын 84%ы кылмыштын курамы жоктугунан токтотулган.

2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашуун учуру катталган. Ал эми 2022-жылдын алгачкы 5 айында үй-бүлөдөгү зомбулуктун 3 988 учуру аныкталган.

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.