БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын өкмөтү бийликтикине дал келбеген пикирлерди билдирүү үчүн укук коргоочуларга, саясатчыларга, журналисттерге жана башкаларга басым көрсөтүп жатканы жөнүндө билдирүүлөр боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу уюм Кыргызстандагы жарандык жана саясий укуктардын аткарылышын изилдеп чыккан соң кабарлады.
«Комитеттегилер Кыргызстандын бийлигин коомдук кызыкчылыкты туудурган маанилүү маалыматты жайылтуу үчүн кылмыш куугунтугун колдонуу тажрыйбасынан баш тартууга чакырышты. Ошондой эле эксперттер абак жайындагы өлүм учурларын иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүн кенемте менен камсыз кылууну талап кылышты», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.Кыйноолордун алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, 2019-2021-жылдар аралыгында түзөтүү абактарында 151 адам каза тапкан, алардын ичинен 19у өз жанын кыйгандар.
Кыргызстанда акыркы учурларда бийликтин ЖМКга жана сөз эркиндигине карата басымынын жаңы толкуну байкалып жатат.
Алсак, 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөнү чечкен. Буга аталган медиа 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыялаганы» себеп болду дешкен. Сайт «Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бөгөттөлгөн. Аталган мыйзам фейктер тууралуу мыйзамы катары дагы белгилүү.
Кийинчерээк 31-октябрда «Демирбанк» коммерциялык банкы УКМКнын талабы жана соттун чечимисиз «Азаттыктын» эсебин бөгөттөгөнү белгилүү болгон. Андан соң Demir Bank’тан «Азаттык Медианын» банктын эсебине жеткиликтүүлүктү «Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жабылганын билдиришкен.
Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флай «кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт» жана уюм «Азаттыктын» журналисттеринин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөрүн билдирген.
Мындан тышкары, эксперттердин пикиринде, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап кеткенине жакында эле 20дан ашык журналист менен активисттин кармалышы мисал боло алат. Алар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, объектти коргоо комитетин түзүшкөн болчу.ИИМден саясатчылар менен активисттер «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип кармалышканын билдирген. 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алган.
Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.
Ошондой эле эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму басылманын сайты бөгөттөлүшүнө комментарий берип, кыргыз бийлиги жакында эле сөз эркиндиги менен жарандык коомго урулган соккунун шартында ЖМКны көзөмөлдөө жана цензурага алуу боюнча чараларын күчөттү деп билдирген. Ал эми Журналисттерди коргоо эл аралык уюму кыргыз бийлигин « “Азаттыктын” сайтына коюлган бөгөттөөнү тез арада алууну жана сайтты бөгөттөө чечимин кабыл алууга негиз болгон “Анык эмес (жалган) маалымат (фейктер жөнүндөгү)” мыйзамды жокко чыгаруну талап кылган.
Анткен менен бийлик өлкөдө сөз эркиндигине эч кандай басым-кысым жок деп ишендирүүдө.
«Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, азыр да бар жана келечекте да болот. Бирок сөз эркиндиги ар дайым жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоо зарыл. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок. Болгону [...] — мыйзамды кынтыксыз аткаруу талабы гана коюлуп жатат», — деп билдирген 28-октябрда президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.
2022-жылдын май айында маалымат эркиндигин коргогон «Чек арасыз репортёрлор» («Репортеры без границ») уюму «басма сөз эркиндиги» боюнча дүйнөлүк ар жылдык рейтингин жарыялаган. Кыргызстан ал рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 72 орунду ээлеген. Баяндамада өлкө 2021-жылы 79-орунда болгону жазылган. Ошол эле учурда, уюмдан [рейтингди түзүүдө] ыкмалар өзгөргөнүн жана «2021-жыл менен 2022-жылдагы позицияларды салыштырууда кылдат болуу керектигин» белгилешкен.