«Азаттыктын» президенти: Журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз

Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флай «Азаттыктын» сайтынын банктык эсебинин бөгөттөлүшү боюнча билдирүү жасады. Анын билдирүүсүн «Азаттык» өзү чыгарды.

«Кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт. Биз журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз», — деди ал.

Флай «Азаттык» ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин белгиледи.

31-октябрда «Демирбанк» коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен «Азаттыктын» эсебин бөгөттөгөнү белгилүү болгон. «Азаттыктын» өзүнөн эсептин бөгөттөлгөнү тууралуу банктын өкүлү менен болгон телефондук сүйлөшүүдө билингенин айтышкан. Мындан тышкары, басылма банк соттун чечими жок эле банктык эсепти бөгөттөгөнүн, бул мыйзамсыз экенин белгилешкен.

УКМК азырынча бул маалыматка комментарий бере элек, болгону «Азаттык Медианын» эсебине жеткиликтүүлүк бөгөттөлгөнү тууралуу маалыматты тактап көрүү керектигин айтып, кат түрүндө отчёт берүүнү убада кылган.Банктык эсеп бөгөттөлгөнгө чейин Маданият министрлиги 26-октябрда «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөөнү чечкен.

Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Сайт «Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бөгөттөлгөн. Аталган мыйзам фейктер тууралуу мыйзамы катары дагы белгилүү.

Ведомстводон «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалында «кастык маанайдагы сөздөр колдонулган, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган» деп билдирген.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана андан «стандарттардын бузулганын аныкталбаганын» билдиришкен.

Буга чейин АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Нед Прайс «АКШ “Азаттыктын” сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана жарандык коомго кысым күчөгөнүнө тынчсызданып жатканын» айткан.

Ошондой эле эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму басылманын сайты бөгөттөлүшүнө комментарий берип, кыргыз бийлиги жакында эле сөз эркиндиги менен жарандык коомго урулган соккунун шартында ЖМКны көзөмөлдөө жана цензурага алуу боюнча чараларын күчөттү деп билдирген. Ал эми Журналисттерди коргоо эл аралык уюму кыргыз бийлигин « “Азаттыктын” сайтына коюлган бөгөттөөнү тез арада алууну жана сайтты бөгөттөө чечимин кабыл алууга негиз болгон “Анык эмес (жалган) маалымат (фейктер жөнүндөгү)” мыйзамды жокко чыгаруну талап кылган.

Дагы окуңуз: Медиаэксперттер: Бийлик «Азаттыктан» кийин калган көз карандысыз медиаларга киришет

Маданият министрлиги «Азаттыктын» каттоо документтерин текшерүүгө алды

Сөз эркиндигине басым күчөдү. Кыргызстандагы ЖМКлардын өкүлдөрү президентке кайрылышты