Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева жана анын оператору кармалды

Бишкекте «MIR 24» аймактык сайтынын журналисти Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбеков кармалып, 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМ журналисттин үйүн 4-ноябрга караган түнү саат 1:00 чамасында тинтүүгө алган. Абдирасулова белгилегендей, Сатыбалдиева кош бойлуу. Дарыгерлер анын боюнан түшүп калуу коркунучу бар экенин айтканына карабастан аны камакка алышкан.

Кийинчерээк Абдирасулова Сатыбалдиеваны ооруканага алып кетишкенин, ал эми оператор Калыс Аширбеков камакта калганын жазды.

Ал эми ИИМден кийинчерээк маалымат беришип, журналист, оператор жана «Жорго-Таксинин» айдоочусу «акча опузалоого» шектелип кармалганын билдиришти.

«3-ноябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан алардын 2016-2017-жылдардагы аудио жазууларды таратарын айтып опузалап акча талап кылып жүргөн бир катар адамдар 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Негизги кылмышка шектүү "MIR 24" маалымат порталынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери С.С.К аттуу жаран. Бул ишке байланыштуу аталган маалымат порталдын оператору Б.у.К жана "Жорго-такси" компаниясынын айдоочусу М.М.Х кармалды. Кылмыш ишин тергөө уланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева акыркы жапырт кармоолорго байланыштуу пикирин соцтармактарда ачык жазган. Ошондой эле мыйзамсыз иш-аракеттерди сындап келет.

2018-жылы журналистке үйүнүн алдында кол салуу болгон. Анда белгисиз киши аны бычактап, журналист ооруканага түшкөн.