«Жердин документтерин мыйзамсыз жасаган». Бишкекте «Кадастрдын» жоопту кызматкери кармалды

Бишкекте «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жер участогун каттоо бөлүмүнүн башчысы жерлердин документтерин мыйзамсыз жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 5-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеменин кызматкери шаардын калктуу конуштарындагы жер тилкелерин бөлүп берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды.

«Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик мекеменин айрым жетекчилери жеке кызыкчылыгын көздөгөн. Алар социалдык-маданий маанидеги объектилерди курууга арналган жер тилкелердин уруксат берүүчү документтерин жеке жактарга мыйзамсыз жасап бергени тууралуу далилдер табылган», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Бул боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголду. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКдан бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Үстүбүздөгү жылдын март айында прокуратура «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу райондук филиалынын жоопту адамдарын кармаган.

Алар аянты 0,18 гектарды түзгөн муниципалдык жерди эч кандай укук аныктоочу документтери жок эле жарандын менчигине каттап беришкенин аныкталган. Жердин жалпы баасы 24,5 млн сомду түзгөн.

Тема боюнча:

«Кадастрдын» Кара-Суу филиалы 24 млн сомдук жерди мыйзамсыз жеке менчикке каттаган