«Кадастрдын» Кара-Суу филиалы 24 млн сомдук жерди мыйзамсыз жеке менчикке каттаган

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу райондук филиалы 24,5 млн сомдук муниципалдык жер тилкесин жарандын менчигине мыйзамсыз каттаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу адамдары аянты 0,18 гектарды түзгөн муниципалдык жер тилкесин эч кандай укук аныктоочу документтери жок эле жарандын менчигине каттап беришкенин аныктаган.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тема боюнча: УКМК «Кадастрдын» директорун мыйзамсыз акча чогултуу иши боюнча кармады