Эмне болду?

4-ноябрь түнү милиция кызматкерлери MIR 24 аймактык сайттынын башчысы, журналист Санрабия Сатыбалдиеваны кармашты. ИИМден ал Жогорку Кеңештин депутатынан 2 миң доллар пара опузалоого шектелип жатканын билдиришти. Мындан тышкары, ведомстводон Сатыбалдиева «2016-2017-жылдагы соцтүйүндөгү аудиожазмалар менен депутаттарды шантаж кылган» деп маалымдашты. Сатыбалдиева өзү «Ташиевдер жалаа жаап жатат» деп билдирди.

Санрабия Сатыбалиева, 4-ноябрь. Видеодон скриншот.

Окуяга УКМКнын төрагасынын инисинин — Шайырбек Ташиевдин кандай тиешеси бар?

Бул журналистке жалаа жабуу үчүн атайын уюшулган иш экенин депутат Тазабек Икрамов айтып чыкты. Сатыбалдиева эл өкүлүнүн пиар менежери болуп иштечү. Бирок Икрамов өкүлү буга кимдин тиешеси болушу мүмкүндүгүн аяыктаган жок.

Kaktus.media басылмасына берген интервьюсунда Икрамов Сатыбалдиевага буга чейин да басым болуп келгенин, УКМКга суракка чакыртылып, соцтүйүндөгү билдирүүлөрү үчүн «коркутушканын» айтып берди.

Тазабек Икрамов. Сүрөт: Жогорку Кеңештин сайты.

«Мен билгенден анын үстүнөн башка журналист кыз арыз жазган. Ал Шайырбек Ташиевдин Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча пикирин чагылдырган материалды же постту өчүрүп коюуну суранган. Аны буга чейин да УКМКга суракка чакыртышып, социалдык тармактагы пикирлери үчүн "коркутушкан". Бул кармоо кызыктай эле болду. Курьердин ролун өзбек жараны аткарыптыр. Мен Сатыбалдиеванын кармалышын жалаа деп эсептейм», — деген депутат.

Archa Media басылмасына круган маекте депутат журналисттин кармалышы Икрамовдун «оозун жабуу» аракети болушу да мүмкүн деп билдирген.

Ошол эле учурда, эл өкүлү мындай аракеттерге эмне себеп болушу мүмкүндүгүн тактаган эмес. Бирок, мурдараак Икрамов Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активисттер менен саясатчылардын массалык кармалышын сындап, ошондой эле бийлик ЖМКны колдоонун ордуна ага басым кылып жатканын айткан болчу.

Журналист Баяна Кулова болсо Санраьия Сатыбалдиева «мен жазган арыздын негизинде кармалды» деп айтып чыкты. Кулованын айтымында, Сатыбалдиева депутат Шайырбек Ташиевдин сүйлөшүүсүн аудиого жаздырып алып, таркатам деп коркуткан.

Баяна Кулова. Сүрөт: Фейсбуктагы жеке барагынан.

«Мындан бир жума мурун депутат Шайырбек Ташиевдин кафеде олтурганда сүйлөгөн сөзү интернетке чыгып укмуш талкуу болуп кетти. Адатта ушундайда жакшы сүйлөп эле өчүртүп коёбуз. Анан акча алып бер акелериңден мен кетем чет өлкөгө дей баштады. Болгондо дагы оозун толтуруп өчүрүп коюу үчүн 10 миң АКШ долларын сурады! Жок мындай кылба десем болбойт. [...] Азыраак берүүгө көнбөдү. "Мен чет өлкөдөмүн, кетем тез табыңыз, акелериңизден алып бериңиз, алар менен сиздин байланышыңыз бар, болбосо мен баарыңарды шерменде кылып салам" — деп желкелей баштады. "Сени каматып менин жан дүйнөм ооруп калат, кой иним" — дедим. Себеби ал мага иниңиз болом Ташиевдерден кордук көргөм. Эгер акчаны бербесеңиз мен сиздин да аудиолорду чыгарам дей баштады. Мен аны эркек бала экен, бул кайдан чыккан кыйын болду экен деп укук коргоо органдарына кайрылдым. Анан эле кечинде күнөөлүүлөрдү кармаган соң Санрабия чыгып калды», — деп жазган Кулова.

Кулованын айтымында, учурда ал арызын кайтарып алууга белсенип жатат, бирок аны коркутуулар башталган.

Жазмаларда эмне болгон?

Буга чейин соцтүйүндөрдө Шайырбек Ташиев деп болжонгон адам кафеде белгисиз бир канча адам менен болгон сүйлөшүүсү пайда болгон. Аудиодо алар эмнени талашып жатышканы так белгисиз.

Шайырбек Ташиев. Сүрөт: «Азаттык».

Бирок аудиодо бир нече киши Шайыр делген кишиге кайрылышат. Алар «жакын мамиледе болгусу келгенин» айтышат, ал эми Шайыр деп аталган киши, мага эч ким таасир эте албайт деп жооп берген.

«Мага таасир эте турган, азырынча төрөлө элек. Кимиңерди болсо да сигип коём. Кыла албайт дагы», — деп айтат Шайыр деген киши.

Андан ары сүйлөшүү ошол нукта уланат, бирок конкретуу эч нерсе айтылган эмес.

Ошондой эле соцтүйүндө Баяна Куловага таандык делген аудиожазма да тарады. Анда ал болжолдуу президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тууралуу сүйлөйт. Ал кандай абалда, кайсы жерде жазылганы жана аял ким менен сүйлөшүп жатканы белгисиз. Аудиодогу аялдын үнү болжолдуу президент Садыр Жапаров тууралуу сүйлөп, аны «трайбалист» деп атады.

«Ал түштүктүн кимиси болсо да алып келип, камап койгонго каалоосу бар. Эч качан түштүк тарапты көтөрбөйт. Сага окшоп тигил же бул жакка барам дегендерди Камчы акенин (УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тууралуу сөз болушу мүмкүн) колу менен жайлап жатат. Себеби ал [Садыр] ушунчалык куу киши, түштүккө жаман көрүнгүсү келбей жатат», — дейт аялдын үнү.

Андан ары ал Кыргызстанда ишкерлерге кандай басым болуп жатканы жөнүндө айтып берет.

«Камчы акени билесиң. Аябай өзгөрүп калыптыр. Күнөөсү бар жогуна карабай эле, ишкерлердин барын чакырып алып, көрүнгөн завод-фабрикаларды өзүнө тартып алып жатат. Мын Айбек байкени, Осмоновду (ишкер жана “Мекеним Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү – редакция тарабынан белгиленди) эмне кылып жатышат. “Ихласты” талашып жатышат. Акциясын бер деп жатышыптыр. Оштогу заводду талашып жатышыптыр. Айбек байке ыйлап отурат. Баягы күнү “колу-бутумду тушап, канымды ичип бүтүшөт ко булар” деп ич ара айткан. Бирок мындай болбойт да. Камчы аке такыр эле өзгөрүп калыптыр. Эми сен агаң катары жаман нерсе ыраа көрбөй жаткандырсың, бирок мен бул жакта туруп, баарын угуп жатам. Акча жыйнап, ишкерлерге рейдерства кылып жатышат. Анан баары чыгып кетип жатышат. Анан ушулар өлкөнү оңдомок беле. Буларга ишенбе сен», — дейт аудиожазмадагы аял.

Ташиев реакция кылдыбы?

Азырынча парламент депутаты Шайырбек Ташиев журналисттин кармалышы жана бул иште өзүнүн атынын аталышы боюнча комментарий бере элек.

Журналистти кантип кармашты?

Жалал-Абаддагы MIR 24 жаңылыктар порталынын журналисти Санрабия Сатыбалдиева менен анын оператору Калыс Аширбаев 4-ноябрга караган түнү Бишкекте кармалган. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова журналист кош бойлуу экенине карабастан убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин айткан. Бирок кийинчерээк боюнан козголуп ооруканага жаткырылган. Кийин кайрадан убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ал жактан кайрадан ооруканага жеткирилген. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова милицияны Сатыбалдиевага адамгерчиликке жатпаган мамиле кылынган деп айыптаган.

Буга чейин ИИМ 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын 2016-2017-жылдардагы аудиожаздырууларды жарыялап салуу менен коркутуп системалуу түрдө акча опузалап келген кишилер 2 миң доллар акча каражатын өткөрүп берип жаткан жеринен кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Бирок депутаттардын аты-жөнүн ачыкташкан эмес.

ИИМ негизги кылмышкер катары аймактык MIR 24 сайтын жетектеп, депутат Тазабек Икрамовдун PR-менежери болуп иштеген Санрабия Сатыбалдиеваны атаган. Ушул эле иш боюнча ортомчулук кылууга айыпталып аймактык MIR 24 сайтынын оператору жана «Жорго таксинин» айдоочусу Калыс Аширбаевди да кармашкан.

ИИМдин билдирүүсүндө кармалгандар «кылмышты мойнуна алуучу көрсөтмө бергени» айтылган. Бирок адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Сатыбалдиева күнөөнү моюндаган эмес.