Акыйкатчы кармалган журналистке адамгерчиликке жатпаган мамиле кылынганын билдирди

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова журналист Санрабия Сатыбалдиевага милиция кызматкерлери адамкерчиликсиз мамиле жасаганын билдирди. Бул тууралуу акыйкатчы «Клооптун» кабарчысына курган маегинде айтты.

Абдрахматова убактылуу кармоо изоляторуна (УКИ) барып, Сатыбалдиеваны ооруканага жаткыртканын билдирди.

«Төрт айлык боюнда бар. Милиция эмнегедир түнү бою түшүнүсүз жерлерге сүйрөп жүрө бериптир. УКИге үчүнчү жолу тез жардам чакырттым, ага чейин дагы эки жолу чакыртканбыз. Врачтар эртең менен эле ооруканага жаткыруу керек дешкенине карабай коштоп жүргөн милиционер врач менен Сатыбалдиева алдап жатат деп [журналистти] кайра УКИге алып кетип калыптыр. Адвокат врачтарга басым көрсөтүлгөнүн айтты. Сатыбалдиева УКИден бир жолу эс учун жоготконун айтып берди», — деди акыйкатчы.

Абдрахматованын айтымында, Сатыбалдиевага жактоочулар менен кошо барып жолуккан.

«Мен тез жардам кызматы менен прокуратураны чакыргам, бирок тез жардам гана келди. ИИМдин медиктерин да көпкө кеңешип жатып чакыртышты. Кош бойлуу аялды абалын айтып арызданганына карабастан ооруканага жаткырбай алып жүрө беришкени үчүн ким жоопкерчилик алат деп сурадым […] Азыр журналистти Улуттук госпиталга алып келишти», — деп белгиледи акыйкатчы.

Абрахматова кармалган экинчи адам, MIR 24 аймактык сайтынын оператору Калыс Аширбеков менен дагы жолугушканын билдирди.

«Операторду адвокаттын катышуусу жок суракка алышыптыр. Мамлекеттик адвокат сурактан кийин келип, жөн гана документке кол колун кобп бериптир, бул мыйзамсыз. Азыр кармалган операторго башка коргоочу дайындалды. Биз милициянын жаны суракка келбей туруп эле документке кол коюп берген юристтин мыйзамсыз аракеттерине арыз жазабыз. Ларды жоопкерчиликке тартыш үчүн дагы. Ошондой эле журналистти ооруканага жаткыруунун ордуна УКИге алып кетип калган милиционерди жоопкерчиликке тартууну, Сатыбалдиеванын абалы үчүн жоопкерчилик алуусун талап кылабыз», — деди Абдрахматова.

Сатыбалдиевага акыйкатчы менен жактоочу болуп Замир Жоошев да барган. Ал журналист эмне үчүн бир канча жолу ооруканага жаткырылганын айтып берди.

«Эртең менен Сатыбалдиеваны тез жардам кызматы ооруканага алып кетишкен, неврология бөлүмүнүн башкы дарыгери аны ооруканага жаткыруу керектигин, себеби боюнан түшүп калуу коркунучу бар экенин айткан. Ал ооруканада керебетке жатары менен эле кайра УКИ кызматкерлери алып кетип калышкан. Андан кийин журналисттин артынан тез жардам жана ИИМге караштуу госпиталдын врачтары келип, аны карагандан кийин ооруканага жаткыруу керектигин айтышкан», — деди ал.

Юристтин айтымында, журналистке тагылып жаткан берене туура эмес. Жоошев бул маселе боюнча прокуратурага же сотко кайрылышарын, алар тергөөчүгө мыйзамды сактоо керектиги боюнча көрсөтмө бериши керектигин белгиледи.«Аны “Уюшулган (УКТ) топ менен жасалган опузалоо” беренеси менен кармашты. Бирок алдын ала айтсак, алар жасады деп жаткан жорукка мындай баа берүү туура эмес, анткени жөнөкөй жарандар уюшулган кылмыштуу топ (УКТ) болуп эсептелбейт. Бул оор берене — он жылга чейин эркиндиктен ажыратуу каралган», — деди ал.

Адвокаттын пикиринде, иш «Адамдардын тобу же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу» беренеси боюнча козголушу керек болчу.«Эгерде жабыркаган тараптын арызына кармалган Сатыбалдиеванын күнөөлүү же күнөөлү эместиги тууратуу маселени карабай туруп туура баа берилгенде, анда иш “Адамдардын тобу же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу” беренеси боюнча козголушу керек эле. Бул анчейин оор эмес кылмыш болуп эсептелет. Бул абдан маанилүү нерсе, анткени [бул] бөгөт чарасын кабыл алуу жана башка жагдайларга таасир этиши мүмкүн», — деп жайынтыктады сөзүн Жоошев.

Сатыбалдиева менен Аширбеков 4-ноябрга караган түнү кармалып, 24 саатка убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген. Мурдараак ИИМ 3-ноябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан алардын 2016-2017-жылдардагы аудио жазууларды таратарын айтып опузалап акча талап кылып жүргөн бир катар адамдар 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Ошол эле учурда эл өкүлдөрүнүн аты-жөнү айтылган эмес.

Дагы окуңуз: Акча опузалоого шектелип кармалган журналист «мени Ташиевдер подстава кылды» деп билдирди

Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева жана анын оператору кармалды