Акча опузалоого шектелип кармалган журналист «мени Ташиевдер подстава кылды» деп билдирди

«Акча опузалоого» шектелип кармалган журналист Санрабия Сатыбалдиева эч кимден акча албаганын жана бул ишке Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин тиешеси бар экенин айтты.

Сатыбалдиева иш боюнча тараган малыматта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты айтылбай жатканын баса белгиледи.

«Эмнеге пресс-релизде Шайырбек Ташиевдин аты чыкпай жатат, мага абдан кызык. Бул жерде Камчыбек Ташиевдин аты болуш керек болчу. Булар өздөрү “подстава” кылып, бардыгын [бизге] оодарып коюшту. Тергөө үчүн гана унчукпай турам», — деди ал.


MIR 24 сайтынын журналисти Санрабия Сатыбалдиева жана оператору Калыс Аширбеков 4-октябрга караган түнү кармалып, 48 саатка камакка алынган. ИИМдин маалыматына ылайык, журналист, оператор жана «Жорго-Таксинин» айдоочусу «акча опузалоого» шектелип жатат.

«3-ноябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан алардын 2016-2017-жылдардагы аудио жазууларды таратарын айтып опузалап акча талап кылып жүргөн бир катар адамдар 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Негизги кылмышка шектүү MIR 24 маалымат порталынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери С.С.К аттуу жаран», — деп билдиришкен ИИМден.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Санрабия Сатыбалдиева кош бойлуу экенин, дарыгерлер анын боюнан козголуп жатканын айтканына карабай камакка алынганын айтып чыккан.

Сатыбалдиева акыркы жапырт кармоолорго байланыштуу пикирин соцтармактарда ачык жазган. Ошондой эле мыйзамсыз иш-аракеттерди, өзгөчө Жалал-Абаддагы жергиликтүү чиновниктерди сындап келет.

2018-жылы журналистке үйүнүн алдында кол салуу болгон. Анда белгисиз киши аны бычактап, журналист ооруканага түшкөн.

Тема боюнча:

Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева жана анын оператору кармалды