Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Азия Оскарда» калыстар тобунун баш байгесин жеңди

Режиссер Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Азия Оскар» (Asian Pacific Screen Awards) кинофестивалында калыстар тобунун гран-присин жеңди. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясы 11-ноябрда маалымдады.

«Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын жалпы жамааты, тасманын режиссеру Актан Арым Кубатты жана тасмага салым кошуп, биргелешип тарткан OY ART, BITTERS AND, VOLYA FILMS, MANDRA FILMS тасма студияларын, ошондой эле жалпы тартуучу топту куттуктайт!» — деп айтылат билдирүүдө.

Сыйлык тапшыруу аземи Австралиянын Голд-Кост шаарында өттү. Сынакка «Эсимде» тасмасы «Мыкты фильм», «Мыкты сценарий» жана «Мыкты роль жаратуучу» номинациялары боюнча катышкан.

Asian Pacific Screen Awards сыйлыгы 2007-жылы түзүлүп, эл аралык сыйлыктардын арасында жылдан-жылга кадыр-барктуу болуп келет. Ал кинематография дүйнөсүндө «Азия Оскары» деп аталып жүрөт.

Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасынын бет ачары 17-ноябрда өткөн. Тасмада эс-тутумунан ажыраган карыянын бөтөн жерде 23 жыл азап тартып, мекенине кайтып келгени баяндалат.

Тема боюнча:

«Кентавр» тасмасы Бишкекте кайрадан көрсөтүлөт